Кыргызча   Русский


4. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти жана ырды  кѳркѳм  окугула,  мааниси  боюнча  ой  бѳлүшкүлѳ

Асан Кайгы

Асан  Кайгы XIV–XV кылымдарда  жашаган  акын.   Бир  жылдары  ак  жайдын  күнү  калың  мѳндүр  түшүп,  кара жаан тѳгүп, борошого  айланып, каз-ѳрдѳк   каркылдап  уча  албай,  мал  жер тээп  оттой  албай, жер  бетин  муз  каптап, суу  тоңуп, жут  болуп,  мал – жандан  кол  жууп  калуу  коркунучу  туулат. Ошондо  Асан  Кайгынын  кайгырып  айтканы:

        Басып  чуркап  кетүүгѳ

Боорунда  буту  жок

Же жамынарга  үстүндѳ  түгү  жок

Жылан  байкуш  кантти  экен?

Тарбаңдаган  тор  тумшук

Таразасын  кѳтѳрүп,

Таш  бака  байкуш  кантти  экен?

Боору  жерге  жабышкан,

Баса  албаган  балчактап,

Бака  байкуш кантти экен?

Сууга  муздап,

Сѳѳгү  сыздап,

Муз  алдында  тумчугуп,

Кѳргүлүктү  кѳргѳн  чыгар

Балык  байкуш  кантти  экен?

(Адабий  чыгармалардагы  табият  сырлары : Кошумча  окуу – методикалык куралы/  түз . М. Субанова ж.б. –Б., 2014, 54-55-бет)



б) Ырдын тексти боюнча суроого жооп бергиле.


1. Боорунда буту жок бул эмне?


2. Таразасын кѳтѳргѳн кайсы жаныбар?


3. Кайсы жаныбар баса албайт?


4. Эмне себептен жылан тез сойлойт?


5. Балыктар эмнеге тумчукпайт?