Кыргызча   Русский


6. ЫР


Ырды жаттап алгыла

Ала-Тоонун балдарыбыз.


 

Ала-Тоонун балдарыбыз,

Ажайып кооз аймагыбыз!

Ала-Тоонун кызгылт кечтер,

Аппак атат таңдарыбыз.


 

Ысык-Көлгө чөмүлөбүз,

Ысык кумга көмүлөбүз.

Күнгө күйүп, сууну сүйүп,

Күзгү кылып көрүнөбүз.


 

Булгап суусун, атып кушун,

Учурбайлык жердин кутун!

Баатыр Манас урпагыбыз,

Бастырбайбыз жаттын бутун!


 

Ала-Тоонун балдарыбыз,

Ата-эненин ардагыбыз.

Күнөстүү тоо коюнунда,

Күлүп, ырдап жайдарыбыз!

                                           Байтемир Асаналиев.

(Кыргыз акын-жазуучулары – балдарга, 1-китеп, Бишкек, 2008, 121-бет)