Кыргызча   Русский


5. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


Эки тилде окуп, маанисин түшүнгүлө

 

а) Үрөн сепкендеги бата:

Мына септим уучтап,

Жылуу жерден кочуштап.

Суу агызып арыкка,

Токчулукту келтирип,

Ушул дүйнө жарыкка.

Благословение посева:

Вот посеял, горсть зерна

В добрую почву.

Полей наши посевы водой,

Да будет достаток у нас



 

б) Эгин бышкандагы бата:

Баба  дыйкан-атабыз,

Пайдаңды кѳрүп жатабыз.

Берекке бер эгинге,

Белсенип кызмат, биз кылсак,

Эмгек кетпес тегинге.

Благословение при созревании урожая:

Оо, отец наш плодородия

Даруй нам обильный урожай

Если будешь стараться

Не пропадает даром наш труд

 

 

в) Эгин оргондогу бата:

Бол, жигиттер, болгула,

Ор, жигиттер, оргула,

Чал орогум чалгының,

Арпа, буудай таштабай,

Боого байлап салгының

Благословение посева пшеницы:

Давайте, джигиты, давайте,

Косите, джигиты, косите.

Коси мой серп, коси

Не оставляя зерно на землю.



 

г) Эгинди кырманда бастыртып жаткан мезгилде «Оп, майда» ырын ырдашкан.

Майда, майда, мапмайда,

Майдалансын атты айда.

Орой-орой басканың,

Ороо толсун оп майда,

Кырча-кырча басканың,

Кырман толсун, оп майда.

Бекер жүрсѳң жан багып,

Таба албайсың эч пайда.

Майда, майда, оп майда,

Орой-орой, оп майда.

Исполнение песни «Оп, майда» во время молотьбы урожая:

Мелко, мелко очень мелко

Пусть размолотится зерно,

Пусть наполнится гумно,

Пусть будет изобилие.