Кыргызча   Русский



в) Ырды жаттап алгыла

         

Балбан

Суусамырда тѳрѳлгѳн,

Суусамырда кѳгѳргѳн.

Тѳѳ кѳтѳргүс жүктү да,

Улактай атка ѳңѳргѳн.

 

Кармаганын сындырган,

Балбан экен Кожомкул.

Касташканын чылбырдан

Алган экен Кожомкул.

 

Башына кыйын иш түшсѳ,

Кѳтѳргѳн экен Кожомкул.

Алачыктай чоң ташты

Кѳтѳргѳң, экен Кожомкул.


Алты жашар Тѳлѳгѳн:

- Мен деле күчкѳ толом, - дейт,

Беш асый атты кѳтѳргѳн

Чоң атамдай болом, - дейт.

                                               Темиркул Үмѳталиев