Кыргызча   Русский


5. ТЕКСТ " УЛАН ЖАНА САНТАШ "


а) «Улан жана Санташ» шамалдары жѳнүндѳ угуп, аңгемелеп бергиле.

      Илгери- илгери кѳлдүн ордунда чоң шаар болгон экен. Ушул жерде ай десе айдай, күн десе күндѳй сулуу, акылдуу кыз жашаптыр.

     Бул кызды Улан жана Санташ деген эки жигит жактырып калат. Экѳѳ жекеме - жеке чыгып согушат. Урушта экѳѳ тең ѳлѳт. «Эки жигиттин убалына калдым» - деп сулуу кыз күндүр-түндүр ыйлай бериптир. Ошондо кыздын кѳз жашынан Ысык-Кѳл жаралыптыр. Ал эми Улан менен Санташ шамалга айланып, ушул күнгѳ чейин жоолашып жүрүшѳт экен. Кѳлдүн суусу болсо, кыздын кѳз жашындай мѳлтүр тунук жана туздуу болуп калыптыр деп айтышат чоң ата, чоң энелерибиз.

    Чынында кѳлдѳ Улан жана Санташ деген шамал бар. Кѳлдүн батыш тарабынан (Балыкчы жактан) соккон шамалды – Улан, ал эми чыгышынан (Каркыра жайлоосу жагынан) соккон шамалды Санташ шамалы дешет. Бул эки шамалдын багыты бири-бирине карама-каршы келип, жоолашып жаткандай кѳрүнѳт.


 

б) Силер билесиңерби?....

    Илгери биздин ата-бабаларыбыз Ысык-Кѳлдү ыйык тутуп, ага түшкѳн эмес. Ага колдорунун учун гана жууп, жүздѳрүн чайкап, тилектерин айтышкан.



в) Сөз тизмектери менен конструкция боюнча сүйлөм түзгүлө

1.
.

Колдонулуучу сөздөр: болгон, чоң, шаар, Илгери-илгери, ордунда, экен, кѳлдүн




2.

, ,

Колдонулуучу сөздөр: күндѳй, жашаптыр., акылдуу, айдай, ушул, жерде, сулуу, күн десе, кыз , ай десе




3.

.

Колдонулуучу сөздөр: жактырып, Санташ, жигит, Улан, кызды, жана , деген, калат, эки, бул




4.

Колдонулуучу сөздөр: экѳѳ , ѳлѳт. , тең , урушта




5.

Колдонулуучу сөздөр: жаралыптыр., Ысык-Кѳл, сулуу, кыздын, жашынан, кѳз




6.

Колдонулуучу сөздөр: шамалга , Улан, менен , калыптыр., айланып, Санташ




7.

?

Колдонулуучу сөздөр: Санташ, Улан, жѳнүндѳ, уктуңар, шамалдары , мурда, менен, беле