а) Текстти окуп, компьютердик технологияны пайдалана билгиле
Дүйнѳдѳгү эң ири социалдык тармактын кызматы
Facebook – дүйнө жүзүнө кеңири таралган ири тармак болуп эсептелет. Ал 2004-жылы Марк Цукерберг тарабынан негизделген. Ушул сайт аркылуу Марк Цукерберг 23 жашында планетабыздын эң жаш миллиардери болгон. Эң алгач бул сайт «Фейсбук» («The Facebook») деп аталган.
Сайт 2006-жылдын сентябрь айынан баштап интернет колдонуучуларына жете баштаган. Сайтты 13 жаштан өйдө өспүрүмдөр электрондук почталары аркылуу колдоно баштаган.
2011-жылы сайтка күн сайын кирген колдонуучулардын саны 750 млн. адамга жеткен. Ал эми сайттын барагындагы маалыматтарга кызыгуучулар 1 миллиард болгон.
Азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча сайтты колдонгондордун саны бир миллиард адамдан ашты. Бул тармак өзүнүн аткаруучу кызматтарынын ар тараптуулугу менен башка тармактардан айырмаланып турат.
б) Билип алгыла
1. «Facebook» сайтынын түрү: социалдык тармак
2. Сайтка катышуусу: акысыз
3. Сайтты жеткирүү тилдери: кѳп тилдерде
4. Сайттын ээси: Марк Цукерберг
5. Сайттын ачылган күнү: 2004-жылдын 14-февралы
в) Сөз тизмектери менен конструкция боюнча сүйлөм түзгүлө
1. “” – .
Колдонулуучу сөздөр: Фейсбук, тармак, дүйнөдөгү, эң ири, социалдык
2.
Колдонулуучу сөздөр: Марк Цукерберг, 2004-жылы , Ал, тарабынан, негизделген
3.
.
Колдонулуучу сөздөр: миллиардери, эң жаш, 23 жашында, планетабыздын, М.Цукерберг , болгон
4.
.
Колдонулуучу сөздөр: саны, бир миллиард, колдонуучулардын, сайтты, ашты, адамдан, Азыр
5.
.
Колдонулуучу сөздөр: иштейт, Менин, агам, менен, бул, күндө, сайт