Кыргызча   Русский



а) "Оп, майда" ырын жаттагыла

Майда, майда, мапмайда,

Майдалансын, атты айда.

Кызыл толгон кырманды,

Сузалы биз кап кайда?

Бекер жүрсөң жан багып,

Таба албайсың эч пайда.

Майда, майда оп майда,

Орой-орой оп майда.

Ороо толсун оп майда.

Кырча-кырча басканың,

Кырман толсун оп майда.
 



б) Ырды обону менен толуктагыла

Майда, майда, мапмайда,



Кызыл толгон кырманды,



Бекер жүрсөң жан багып,



Майда, майда оп майда,



Ороо толсун оп майда.



Кырман толсун оп майда.

Колдонулуучу сөздөр: Орой-орой оп майда., Кырча-кырча басканың,, Таба албайсың эч пайда., Сузалы биз кап кайда?, Майдалансын, атты айда.




в) «Котормочу» оюну. Ким биринчи которот?

• благословение –

• благословение посева –

• благословение урожая –

• благословение при сборе урожая –

• пусть будет изобилие – .

• пусть будет достаток –

Колдонулуучу сөздөр: бата, эгин оргондогу бата, эгин бышкандагы бата, кырманга буудай толсун, токчулук болсун, үрөн сепкендеги бата