Кыргызча   Русский


7. ДИАЛОГ "ЖАНЫБАРЛАР"


а) Жаныбарлар  жѳнүндѳгү  диалогду  ролдоштуруп  окугула, эсиңерге  туткула.

- Мен  кечээ  маймылдар  жѳнүндѳ  кино тасма  кѳрдүм.
- Кантип  аталат  экен?
- Унутуп  калбадымбы.  Абдан таң  калыштуусу, маймылдар  да  ѳз эркиндиги үчүн күрѳшүшѳт  экен.
- Алар  кайсы  жаныбарлар  менен  күрѳштү?
- Жаныбарлар менен  эмес, биз менен, адамдар  менен  да.
- А сен  билесиңби,  ата - энеси  ѳлүп  калган пингвиндин  балапанын  башка  пингвиндер  багып  алат  экен.
- Анда  алар  ушунчалык  акылдуу, боорукер   болушат  турбайбы.
- Ооба, кээде адамдардан  да  мындай  боорукерликти  күтпѳйсүң.
- Сен  «Император» деген пингвиндери  жѳнүндѳ  уктуң  беле?
- Жок, аларды  эмне үчүн  «император»  пингвин  деп  аташат?
- Алар  муздун  үстүндѳ  жүргѳндѳ  бири – бирине  баш ийип, саламдашып жаткандай  белги  берип турушат экен.
- Башка  пингвиндерден  айырмасы бар бекен?
- Алардын  бою  120 сантиметрге  жетет, салмагы 40 килограммга  жетет.
- Маалыматың кызыктуу  экен, рахмат.

 



б) Диалогду толуктап, сүйлѳшкүлѳ.

-Мен кечээ маймылдар жѳнүндѳ кино тасма кѳрдүм.

-Кантип ?

- Унутуп калбадымбы. Абдан таң калыштуусу, маймылдар да ѳз эркиндиги үчүн күрѳшүшѳт экен.

- Алар ?

- А сен билесиңби,

- Анда алар ушунчалык акылдуу, боорукер болушат турбайбы.

- Ооба, кээде адамдардан да .

- Сен «Император» пингвиндери жѳнүндѳ уктуң беле?

- Жок, аларды эмне үчүн ?

- Алар муздун үстүндѳ жүргѳндѳ бири – бирине баш ийип, саламдашып жаткандай белги беришет экен.

- Башка пингвиндерден ?

- Алардын бою .

- Маалыматың кызыктуу экен, рахмат.

Колдонулуучу сөздөр: ата - энеси ѳлүп калган пингвиндин балапанын башка пингвиндер багып алат экен. , мындай боорукерликти күтпѳйсүң , аталат экен , «император» пингвин деп аташат , айырмасы бар бекен , кайсы жаныбарлар менен күрѳштү , 120 сантиметрге жетип, салмагы 40 килограммга жетет





в) Тѳмѳнкү  сүйлѳмдѳрдү  колдонуп,  үлгү  боюнча  сүйлѳшкүлѳ

Алмаз: Катя,  бегемот,  дельфин   жѳнүндѳ  эмне билесиң?

Катя:    Алар  жѳнүндѳ  сени  эмнелер  кызыктырат?

 

Колдонуучу сүйлөмдөр: Бегемот  Африкада  жашайт. Аларды  этине,  терисине, баалуу  азуусуна  кызыгышып,  эл  кырып  жиберишкен. Бегемоттор  адамдарга  гана  эмес,  кайыктарга  да  кол  салышкан. Анын  азууларынын   узундугу  70 сантиметрге жетет. Балыр  менен  тамактанат. Салмагы  3тоннадан ашат. Сен  бегемот  жѳнүндѳ  мультфильмдерди  кѳрдүң  беле?  Кайсы  жаныбардын  сүрѳтүн  тарта  аласың?

 

 

г) Адамдар жерге, сууга, жаныбарларга  кандай  зыян  келтирери жөнүндө сүрѳт тартып,   айтып  бергиле.

 

 

д)  Каалаган  жаныбарлардын  атынан  адамдарга  кат жазып, окуп  бергиле. Катыңар  кайрылуу,  ѳтүнүч,  таарыныч,  кеңеш, нааразычылык, жомок, аңгеме  түрүндѳ болсун.

 

Мисалы:  Мен   – мын . Менин  6 балам  бар  эле. Адамдар сууну   кирдетип  жатып  баары  кырылды.

Мен   – мын ………………………….

Мен   – мын …………………………