Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Ырды ролдоштуруп, көркөм окугула

                    

              Буудай:




Мен Буудаймын, мен нанмын

Мен жашоомун, мен канмын.

Барктап келген бабаң да,

Кубат болом адамга.

Дыйкандыкты сүйгүлө!

Кызыл кылып үйгүлө!

Буудай нандан тоё жеп,

Жыргап ырдап жүргүлө!


 

          Арпа:

Мен Арпамын, Арпамын,

Алы болом канчанын.

Малды – жанды багамын,

Көркү болом кампанын

Мен боломун ырыскы,

Мени жакшы баккыла!

Кыргыздын кыз-жигити,

Менден бакыт тапкыла!




 

б) Макалды эсиңерге туткула

                

         Арпа, буудай – аш болот,

    Алтын, күмүш – таш болот.

    Дан болбосо, нан болбойт,

    Нан болбосо, жан болбойт.
 



в) Макалды толуктагыла.