Кыргызча   Русский


БИЛИП АЛГЫЛА


  Адам ойго тойбойт, бѳрү койго тойбойт.

Человек мыслями не насытится,

   волк овцами не насытится


 

Ылакапты эсиңерге туткула.

Сулуу сулуу эмес, сүйгѳн сулуу.

Не красавица красивая,

  а полюбившаяся – красивая


 

Билип алгыла

Ысык-Кѳл жѳнүндѳ уламыштардан башка Кыз - Күйѳѳ, Кыз - Мазар, Чатыр-Кѳл, Чолпон-Ата, Жети-Өгүз, Жалал-Абад уламыштары эл оозунда айтылып келет.


 

Кыз - Күйѳѳ

     Илгери бир замандарда Ысык-Кѳлдүн Тоң тарабында бир байдын ашкан сулуу кызы болуптур. Ал кызды ошол байга жалданып жүргѳн жылкычы жигит сүйүп калат. Кызды алууга калыңы жок, калың тѳлѳгѳн күндѳ да томаяк жигитке бай кызын бермек эмес. Жигитти кыз да сүйүп калат. Эмне кылыштын айласын таппаган эки жаш күйүп жүрѳ беришет.

     Акыры байдын кызын күйѳѳгѳ узатмак болушат. Ошондо акыл ойлогон жигит кызды алып качмакчы болот. Бул сунушка кыз да макул болот. Күн болжолу жете электе эле кызды кудалаган байдын уулу келип түшүп, кызды алып кетишмекчи болушат.

    Ошондо жигит жылкыларынын арасынан эки мыкты атты токуп минип, кызды алып качат. Жигиттин Чүй тарапта илик-жилик туугандары бар экен, ошол жакты карай бет алышат. Аңгыча кыз менен жигиттин качканын туюп калышып, артынан куугун түшѳт.

    Качып бара жаткан кыз-жигит Боом капчыгайынын ичиндеги эки асканын жанына келгенде, бирѳѳ оң жаккы бетке, экинчиси сол жаккы бетке качышат. Алды-артынан чыккан куугунчулар экѳѳнү ошол жерден кармашат да, байдын буйругу менен экѳѳнү тең ошол жерде өлтүрүп коюшат.

    Сүйүүнүн айынан курман болгон эки жаштын күнѳѳсүз канынан эки булак жаралып, сызылып агып чыгып, ошол жер «Кыз Күйѳѳ» деп аталып калган экен.


 

Чолпон-Ата

    Азыркы Чолпон-Ата шаары турган жерде бир кедей адам жашаган экен. Ал байдын малын багып оокат кылчу дейт. Кѳпкѳ чейин балалуу болбой, жашы улгайып бара жатканда бир кыздуу болот. Ал абдан сулуу, эстүү болуп бой тартат. Кызы чоңоюп келе жатканда, апасы дүйнѳдѳн ѳтѳт. Абышка менен кызы катуу кайгырат, бирок айла жок, тиричилик ѳтѳ берет. Кызы Чолпон экѳѳ күн ѳткѳрүп оокат кылышат.

    Күндѳрдүн биринде ошол тегеректеги бай адам бой тартып келе жаткан Чолпондун сулуулугуна, акылдуулугуна суктанып, куда түшѳт. Атасы ага каршы болбойт. Кыязы, жетишпеген жашоодон ѳзү да кыйналса керек, кызым да кыйналбаса деп ойлогон го. Кызы ары айтып, бери айтып, анан калса, жашы ѳтүп калган адамга баргысы келбегенин түшүндүрсѳ атасы кѳшѳрүп болбой коёт. Ошентип ата - баланын ортосу сууй түшѳт.

    Күндѳн-күн ѳтѳт. Атасына түшүндүрѳ албаган кыз бир күнү атасы мал артынан кеткенде, тоого чыгып, кѳз жашын кѳлдѳй тѳгүп, бул жашоодон аша кечип, тоодон боюн таштамакчы болот. Эңкейип секире берерде, ал ташка айланат да, калат.

    Кечинде атасы үйгѳ келсе кызынан дайын жок. Ана келет, мына келет менен бир топ убакыт ѳтѳт. Айылдагылардан сураса, эртең менен тоого бет алганын айтышат. Атасы күйүгүп тоого чыкса, таш болуп катып калган Чолпон эңкейип турат. Картайганда кѳргѳн кызынын абалын кѳргѳн атасы сакалынан жаш агызып ыйлап турат. Же кемпири болбосо, кызынан тирүүлѳй ажыраса, айласы куруган чал да секирип ѳлгүсү келет. Ошол учурда жалгыз кызынан ажыраган абышка да ташка айланат.

   Күн ачык турганда Чолпон-Ата шаарынын үстүндѳгү тоонун кырында эңкейип турган кыз жана секирип келе жаткан сакалдуу адамдын элеси катып турат дейт. Байыркы заманда мына ушул жерди айылдагылар Чолпон-Ата деп атаган экен.


 

  •  Ал эми ѳсүмдүктѳр дүйнѳсүндѳ да уламыштар кѳп. Алсак, Байчечекей уламышы, Кѳкѳ мерен уламышы, Пияз уламышы, Бак-терек уламышы, Тал уламышы, Арча уламышы, Жалбыз уламышы жана Айгүл гүлү уламыштары.


 

Байчечекей

    Илгери ѳткѳн заманда короо-короо малы, ѳрүш бербеген жылкысы, сандыгына батпаган алтын-зери бар бир бай болуптур. Бай сексенге таяп калса да бала кѳрбѳй, «баланын ыңаалаган үнүн укпай, бул жашоодон куу баш ѳтѳмбү», – деп кайгырып жүргѳн мезгилде кебезден ак, айдан сулуу, гүлдѳн назик, жалгыз чечекей кыздуу болот.

   Мезгил ѳтѳт, чулдурап сүйлѳп, там - туң басып, атанын кайгыдан карып болгон жүрѳгүн жашартып, жашына жаш кошуп, кѳңүлүн кушубак кылат. Күндѳр айга, айлар жылга алмашып, кыз кол арага да жарап калат. «Кыз да болсо – туяк», – деп ата ѳзүн сооротот.

    Күндѳрдүн биринде кыз талаадан ойноп келип эле, «башым» деп ооруп калат. Табити эч нерсеге тартпайт, жеген тамагы аш болбой, тѳшѳккѳ жатып калат. Тегеректеги табыптарды алдырат. Айласы кеткен ата короо-короо малын, ѳрүш бербеген жылкысын, сандыкка батпаган алтын-зерин чачып, туш-тушка жарчы жайып, чабарман чаптырып, оорунун жайын билген табып издетет.

Амалы түгѳнгѳн бай:

– Карыганда тапкан жалгыз чечекей баламан айрылат турбаймынбы, кудай, – деп ботодой боздойт.

    Күндѳр ѳтѳ берет, кыздын адам болбосу билинип, эл-журт камылгасын кѳрѳ баштайт. Ошол мезгилде кайдан-жайдан белгисиз бир думана пайда болот.

     Ал акырын басып келип, кыздын тамырын кармап:

-  Бактыңыз бар экен байым, кызыңыздын үч күндүк гана ѳмүрү калган экен, улуу тоонун башында, калың карга карабай желегин жайган, сыздаган суукка туруштук берип ѳскѳн, жаздын, жашоонун жышаанын берген бир кичинекей гана сары гүл бар. Колуңуздан келсе ошону алдыртыңыз, кызыңыздын дартына ошол – ѳмүр гүлү гана даба болот, – дейт.

   Сүйүнгѳн ата жигиттерин аттап-тондоп ошол улуу тоого жиберет, ат арышын токтотпой, бел чечип эс албай барып келүүлѳрүн катуу эскертет. Үчүнчү күн дегенде жигиттер баягы кереметтүү гүлдү алып келишет. Табып аны кызга искетип, кайнатып берип, кырк күн жанынан жылбай карайт. Кырк биринчи күн дегенде кыз тѳшѳктѳн туруп, сыртка ѳз алдынча чыгып калат.

    Күндѳр ѳтүп байдын кызынын демине-дем, күчүнѳ-күч кошулуп тыңып калат. Ѳз ишин аткарган касиеттүү думана-табыпты бай ыраазы кылып узатат. Оюнкараак кызынын баштагыдай так секирип ойноп, күлкүсү шаңдуу чыгып калганын кѳргѳн байдын кѳңүлү тынат.

    Ошондон кийин ошол кереметтүү, байдын жалгыз чечекейин ѳлүмдѳн алып калган кичинекей сары гүлдү «байчечекей» деп атап калышат.


 

Арча

    Илгери бир абышка-кемпир жашаган экен. Экѳѳ кѳп жыл балалуу болбой жүрүп, карыганда уулдуу болушат. Маңдайга бүткѳн жылдызыбыз, башыбызга күн түшсѳ сүйүнѳр медерибиз, зериккенде жарпыбызды жазар эрмегибиз деп, баланы канаттууга какырбай, тумшуктууга чокутпай, суук кѳздѳн оолак тутуп, эрезеге жеткиришет.

   Бир күнү баласы отунга кетет. Үйүнѳ келсе энеси катуу сыркоолоп тѳшѳктѳ жатып калган болот. Эненин оорусу күн ѳткѳн сайын күчѳп, ал ѳңүнѳн кетип саргайып, күндѳн-күнгѳ арыктап, кичирейип калат.

   Уулу атасынын кеңеши боюнча бир дарыгерди таап келет. Дарыгер кемпирдин тамырын кѳрүп:

- Бул ооруга бир гана даба бар, ал мүрѳктүн суусу, ошону ичирсеңер, энең эч качан оорубай, жашарат, - дейт. Аны кѳп жерди кыдырып, бир булактан табарын айтат.

   Ошол күнү эле бала алыс сапарага аттанып, булакты издеп жѳнѳйт. Акыры табат. Сууну алып, үйүнѳ кайтат. Жер кезип, суу ичип, кѳп күн уйку бетин кѳрбѳгѳн бала чарчап бир дарактын түбүнѳ келип, уктап калат. Байкоосуздан энеси үчүн алып бара жаткан баягы ѳмүрдүн суусун тѳгүп алат.

    Ал агып отуруп бир дарактын түбүнѳ жетет. Мүрѳктүн суусуна сугарылган бул арча дайыма жашарып, ѳлбѳс даракка айланат. Сууну тѳгүп алганын кѳрүп, бала аябай ѳкүнѳт, бирок ушул суудан арчанын кѳгѳргѳнүн кѳрүп, анын жалбырагынан үйүнѳ алып келет. Келсе, энесинин абалы андан да начарлап, ѳлүм алдында турган экен. Бала баягы алып келген жалбыракты үйдүн ичине түтѳтүп, энесине жыттатат. Бул мүрѳктүн суусун ичкен, касиеттүү дарактан даба таап, эне оорудан тез эле айыгып кетет.

    Мына ушундан улам, адамдарды түрдүү оору-сыркоолордон, капыстан келген кайгыдан, чертип келген кырсыктан алыс болсун үчүн, арчанын жалбырагын түтѳтүү салты калган экен.

(«Эл таануу» Тексттер топтому, түз. Б. Кыдырбаева, ж.б., Б., 2007)