Кыргызча   Русский


8. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


 а) Пайдалуу мөмө-жемиштерди эсиңерге туткула

         -Кызым, базардан кандай мѳмѳ - жемиш сатып берейин?


     - Апа, мен бананды  жакшы кѳрѳм.

  - Балам банан алыс жактан    келет. Кѳп сакталбайт, даамы да бузулат.  Андан кѳрѳ жергиликтүү жашылча-жемиштер ден соолукка  пайдалуу. Лимондо жана ит мурунда «С» витамини кѳп.

     - Алма менен                алмуруттачы?

     - Алмада «А», алмурутта «А», «В»  витаминдери бар.

     

- «А» витамини дагы кайсы мѳмѳ - жемиште көбүрөөк кездешет?

    - «А» витамини алмурутта бар балам.

-  А калемпирдечи?

     - Калемпирде да «С» витамини бар.


                                     

- Анда мага алма менен      лимон сатып бериңиз.

     - Макул кызым.


 

 



б) Текст боюнча суроого жооп бергиле


1. «А» витамини кайсы мөмө-жемиште кездешет?


2. Кайсы жемиш бакта өсөт?


3. «В» витамини кайсы мөмө-жемиште кездешет?


4. Кайсы мөмө-жемиште «С» витамини көп?




в) «НУСКА» КИТЕП ДҮКӨНҮ ТЕКСТИН ОКУГУЛА, АНГЕМЕЛЕП БЕРГИЛЕ.


  Эркиндик сейил багында «Нуска» китеп дүкөнү жайгашкан. Бул - Бишкек шаарындагы эң чоң китеп дүкөнү. Ал саат 9 да ачылып, кечки  саат 6да жабылат. Бул жерден окуу китептерин, сөздүктөрдү, Кыргызстандын карталарын сатып алса болот.

   Катя дүкөндөн К. Юдахиндин «Орусча-кыргызча» сөздүгүн сатып алды. Ал эми Алмаз Ч. Айтматовдун «Чыпалак бала» жана Ш. Садыбакасовдун «Ат жакшы көргөн бала» деген жомокторун сатып алды. Алар үйлөрүнө көңүлдүү кайтышты.



г) Туура, катасын тапкыла

КатаТуура1. «Нуска» китеп дүкөнү Эркиндик сейил багында жайгашкан
КатаТуура2. Бул Бишкектеги эң кичине дүкөн
КатаТуура3. Бул жерден сүрөттөрдү, азем белектерди сатып алса болот.
КатаТуура4. Алмаз Ч. Айтматовдун «Өнөрлүү бала» деген жомогун сатып алды
КатаТуура5. Алар үйлөрүнө көңүлдүү кайтышты.



д) «НУСКА» КИТЕП ДҮКӨНҮНДӨГҮ СҮЙЛӨШҮҮНҮ УЛАНТКЫЛА


- Саламатсызбы?

- Саламатчылык.

- Эжей, классташым экѳѳбүзгѳ сѳздүктѳр керек эле.

- Сѳздүктѳр кѳп.

- Юдахиндин «Кыргызча-орусча», «Орусча-кыргызча» сѳздүктѳрү барбы?

- Ооба, бар. Сѳздүк 500 сом турат.

- Саша, сага С.Мусаевдин «Сүйлѳшмѳсү» да керек.

- Анда аны да сатып алайын.


 

Билип алгыла!

Нуска – экземпляр

Түп нуска – оригинал

Сөз нуска – наставление

        

Акылмандын сөзү кыска, айта салса – нуска.

 

Китеп – билим булагы.

Книга – источник знаний
 

Билеги күчтүү бирди жыгат,

Билими күчтүү миңди жыгат.

Кто силён рукой одного побеждает,

Кто силён знанием тысячу побеждает.