Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а)  Кыргыз өнөрлөрүн билип алгыла

КЫРГЫЗЧА ОРУСЧА АУДИО
зергерчилик ювелирное  ремесло
саймачылык вышивальное  ремесло
устачылык мастер  по дереву
өрмөкчүлүк   мастер  по плетению
кол өнөрчүлүк кустарное ремесло 



 

б)  Көркөм кол өнөрчүлөрдүн кесибин билдирген уңгу сөздөрдү билип алгыла

КЫРГЫЗЧА ОРУСЧА АУДИО
зергер   ювелир
сайма   вышивка
уста  плотник
өрмө плетение



 

в) Сүрөт боюнча кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн аныктагыла

 

   


 

    


 

   


 

   



 

 г) Т. Самудиновдун “Эскирбеген элдик ырын” ролдоштуруп көркөм окугула

Алып баруучу: Атамзамандан бери биздин күндөргө чейин эскирбей келе жаткан эки улуу касиет бар. Алар-элдик өнөр менен элдик ыр. Элдик өнөр деп эмнени айтабыз? Элдик өнөргө кайсылар кирет?

1-окуучу: Саймачылык, шырдак жасоо...

2-окуучу: Ат жабдыктарды жасоо...

3-окуучу: Шакек, билерик жасоо...

Алып баруучу: Абдан туура. Шакек, билерик, сөйкө жасаган өнөрдү “зергерчилик” деп аташат.

4-окуучу: Куш салуу, бүркүт таптоо...

Алып баруучу: Бул өнөрдү “мүнүшкөрлүк” дешет. Ал эми жылкыны күлүк кылып таптоо өнөрүн “саяпкерлик” деп атай тургандыгын да биле жүргүлө. Мал багуу да элдик өнөргө жатат. “Бекбекей” ырын түнкүсүн короо кайтарган кыз-келиндер ырдашчу. “Шырылдаң” ырын жигиттер ырдашчу. Ырдын өзү эле айтып тургандай, ыр жылкычылардыкы.

Элдик өнөргө силер сабакта уккан “Оп, майда”, “Бекбекей” жана “Шырылдаң” ырын ырдоо да кирет.



 

д) Элдик өнөрдүн экинчи бир түрү – элдик ырлар.

  1. Алардын бири - “Оп, майда” ыры

 

  1. Экинчиси – “Бекбекей” ыры

 

  1.  Үчүнчүсү – “Шырылдаң” ыры

 



е) ТЕКСТТЕГИ СӨЗДӨРДҮ ӨЗДӨШТҮРҮП АЛГЫЛА


эскирбеген элдик ыр        – неустаревающие народные песни

атамзамандан бери         – издревле

жашап келе жаткан          – здесь: существующие

элдик өнөр                        – народное  ремесло

шырдак жасоо                   – изготовление  шырдаков (ковров из войлока)

ат жабдыктарды жасоо    – изготовление  предметов конского убранства

шакек жасоо                      – изготовление  колец

билерик жасоо                  – изготовление браслетов

сөйкө жасоо                      – изготовление  серег

куш салуу                          – охота  за ловчей птицей (но не с беркутом)

бүркүт таптоо                    – приручение  беркутов

мал багуу                           – скотоводство



ж) Туура которгула, эсиңерге туткула:




з) Текст боюнча суроого жооп бергиле.


1. Эл ичинде жашап келе жаткан кандай касиеттер бар?


2. Элдик өнөргө кайсылар кирет?


3) Мүнүшкөрлөр эмне кылат?


4) “ Оп, майда” ырын качан ырдашкан?


5) “Бекбекей” ырын кимдер ырдашкан?