3. ГРАММАТИКА
Лексика-грамматикалык материалды өздөштүрүү
Илик жѳндѳмѳ |
Суроосу: |
12 варианттуу мүчөлөрү: |
Таандык мүчѳлөр: |
(Родительный падеж) |
Кимдин? Эмненин? (Кого? Чего? Чей?) |
-нын,-нин,-нун, -нүн; -дын,- дин,дун, -дүн; - тын,-тин,-тун, - түн; |
- ы, - и, - у,-ү -сы,-си,-су, -сү |
- бала+нын үй-бүлѳ+сү
- мугалим+дин журнал+ы
- мектеп+тин зал+ы
- окуучу+нун баа+сы
- жазуучу+нун чыгарма+сы
а) Таандык сѳз айкашын которгула, билип алгыла.
Алмаздын үй - бүлѳсү
журнал учителя
мугалимдин журналы
оценка ученика
мектептин залы
зал школы
окуучунун баасы
произведение писателя
жазуучунун чыгармасы
семья Алмаза
б) Тѳмѳнкү сѳздѳргѳ илик жѳндѳмѳсүнүн мүчѳсүн улагыла.
Алмаздын үй - бүлѳсү | журнал учителя |
мугалимдин журналы | оценка ученика |
мектептин залы | зал школы |
окуучунун баасы | произведение писателя |
жазуучунун чыгармасы | семья Алмаза |
уй бээ ит
кой тѳѳ мышык
эчки эшек чочко
Колдонулуучу сөздөр: дун , нүн, тин, тин , тын, нин , дун, нин, нун
в) ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫНЫН БАЛДАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА
уйдун музоосу | теленок коровы |
койдун козусу | ягненок овцы |
эчкинин улагы | козленок козы |
бээнин кулуну | жеребенок кобылы |
эшектин коделеги | осленок осла |
иттин күчүгү | щенок собаки |
мышыктын мыйы | котенок кошки |
чочконун торопою | поросенок свиньи |
г) «Түгѳйүн тап» оюну
Үй жаныбарларынын түгѳйүн тапкыла.
уйдун бээнин иттин
койдун тѳѳнүн мышыктын
эчкинин , эшектин чочконун
Колдонулуучу сөздөр: кулуну , улагы , күчүгү , мыйы , козусу , торопою, ботосу , коделеги, музоосу
д) Ырды кѳркѳм окугула
Жылкы сүйѳт баласын
Кулунум деп,
Минсе, түшсѳ билбеген
Дулдулум деп.
Эчки сүйѳт баласын
Улагым деп,
Таштан - ташка секирген
Чунагым деп.
Уй да сүйѳт баласын
Торпогум деп,
Караңгыда баспаган
Коркогум деп.
Ит да сүйѳт баласын
Күчүгүм деп,
Жерден мурдун албаган
Бучугум деп.
Т. Самудинов