Кыргызча   Русский


5. ТЕКСТ " УЛАН ЖАНА САНТАШ "


а) «Улан жана Санташ» шамалдары жѳнүндѳ угуп, аңгемелеп бергиле.

      Илгери- илгери кѳлдүн ордунда чоң шаар болгон экен. Ушул жерде ай десе айдай, күн десе күндѳй сулуу, акылдуу кыз жашаптыр.

     Бул кызды Улан жана Санташ деген эки жигит жактырып калат. Экѳѳ жекеме - жеке чыгып согушат. Урушта экѳѳ тең ѳлѳт. «Эки жигиттин убалына калдым» - деп сулуу кыз күндүр-түндүр ыйлай бериптир. Ошондо кыздын кѳз жашынан Ысык-Кѳл жаралыптыр. Ал эми Улан менен Санташ шамалга айланып, ушул күнгѳ чейин жоолашып жүрүшѳт экен. Кѳлдүн суусу болсо, кыздын кѳз жашындай мѳлтүр тунук жана туздуу болуп калыптыр деп айтышат чоң ата, чоң энелерибиз.

    Чынында кѳлдѳ Улан жана Санташ деген шамал бар. Кѳлдүн батыш тарабынан (Балыкчы жактан) соккон шамалды – Улан, ал эми чыгышынан (Каркыра жайлоосу жагынан) соккон шамалды Санташ шамалы дешет. Бул эки шамалдын багыты бири-бирине карама-каршы келип, жоолашып жаткандай кѳрүнѳт.


 

б) Силер билесиңерби?....

    Илгери биздин ата-бабаларыбыз Ысык-Кѳлдү ыйык тутуп, ага түшкѳн эмес. Ага колдорунун учун гана жууп, жүздѳрүн чайкап, тилектерин айтышкан.



в) Сөз тизмектери менен конструкция боюнча сүйлөм түзгүлө

1.
.

Колдонулуучу сөздөр: Илгери-илгери, экен, болгон, чоң, кѳлдүн, ордунда, шаар




2.

, ,

Колдонулуучу сөздөр: ушул, кыз , ай десе, жерде, күндѳй, сулуу, күн десе, айдай, жашаптыр., акылдуу




3.

.

Колдонулуучу сөздөр: кызды, Улан, эки, жана , бул, Санташ, жигит, жактырып, деген, калат




4.

Колдонулуучу сөздөр: экѳѳ , урушта , тең , ѳлѳт.




5.

Колдонулуучу сөздөр: Ысык-Кѳл, кѳз, жашынан, кыздын, жаралыптыр., сулуу




6.

Колдонулуучу сөздөр: калыптыр., Санташ, айланып, менен , шамалга , Улан




7.

?

Колдонулуучу сөздөр: жѳнүндѳ, менен, мурда, Санташ, шамалдары , уктуңар, беле, Улан