Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Жайлоодо

      Мен таңга маал ойгондум. Мемиреген тынчтыкты аялдардын дабышы бузду. Алар бээлерди, уйларды саап жүрүштү. Мен сыртка чыктым. Абам жылкыларды жайытка айдап бара жаткан экен. Ага кичинекей Акжол жардам берип жүрөт. Баланын атка чыйрактыгы мени абдан таң калтырды. Мен да атка мингим келди. Адегенде Акжолго учкашып артында жүрдүм. Анан эшек мингенди үйрөндүм. Ушундан кийин гана мен атка өзүм мине баштадым.

Жардам

       Апам мага: “Үйдү жыйна”, - деди. Мен апамдын тилин угам, анткени аны абдан жакшы көрөм. Эгерде мен үйдү жыйнабасам, ал капа болот. Ошондуктан  столдун, шкафтын чаңын сүрттүм, полду жуудум. Бөбөгүмдү бакчадан алып келип ойноттум. Себеби мен үйдө улуусумун.
   Апам жумуштан келип абдан сүйүндү, бетимен өөп эркелетти.

 



Туура которгула!




Өзүӊдү текшер!
Мен (эмне кылдым?)

.

Колдонулуучу сөздөр: тактайды жуудум, Чаң сүрттүм, бөбөгүмдү ойноттум




Апам (эмне кылды?)

.

Колдонулуучу сөздөр: эркелетти, Сүйүндү, бетимен өптү







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Жайлоо

         Жазгы жамгыр жагалдана жаады. Жыбырап жааган жаандан жер жагымдуу жашылданат. Жазында жаныбарлар жашоосун жаңыртат. Жазгы жайлоо жашыл жакуттай жаркылдайт. Жер жайнаган жоогазындар жоодурайт. Жийденин жагымдуу жыты жыттанат. Жайлоонун жайытында жайылган жандыктар, жылкы жаныбарлар жүрүшөт.

    Жайлоонун желаргы жели жийде жалбырагын желпийт. Жакадагы жеңелер жер – жемиштерди жайлоого жөнөтүшөт. Жайлоодогу жашоо жакшы.