Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Келер чак

Этиштин келер чагы кыймыл-аракеттин келечекте боло тургандыгын билдирет. Ал төмөндөнгүдөй жасалат.

Жекелик санда

Мүчөсү

Мисалы

1-жак

Мен

-а (-й) мын

-е (-й) мин

-о (-й) мун

-ө (-й) мүн

ырдаймын

бийлеймин

ойноймун

сүйлөймүн

2-жак

Сен

-а (-й) сыӊ

-е (-й) сиӊ

-о (-й) суӊ

-ө (-й) сүӊ

ырдайсыӊ

бийлейсиӊ

ойнойсуӊ

сүйлөйсүӊ

Сиз

-а (-й) сыз

-е (-й) сиз

-о (-й) суз

-ө (-й) сүз

ырдайсыз

бийлейсиз

ойнойсуз

сүйлөйсүз

3-жак

Ал

-а (-й) т

-е (-й) т

-о (-й) т

-ө (-й) т

ырдайт

бийлейт

ойнойт

сүйлөйт

 

Көптүк санда

Мүчөсү

Мисалы

1-жак

Биз

-а (-й) быз

-е (-й) биз

-о (-й) буз

-ө (-й) бүз

ырдайбыз

бийлейбиз

ойнойбуз

сүйлөйбүз

2-жак

Силер

-а (-й) сыӊар

-е (-й) сиӊер

-о (-й) суӊар

-ө (-й) сүӊөр

ырдайсыӊар

бийлейсиӊер

ойнойсуӊар

сүйлөйсүӊөр

Сиздер

-а (-й) сыздар

-е (-й) сиздер

-о (-й) суздар

-ө (-й) сүздөр

ырдайсыздар

бийлейсиздер

ойнойсуздар

сүйлөйсүздөр

3-жак

Алар

-ыш+а+т

-еш+е+т

-ош+о+т

-өш+ө+т

 

-уш+а+т

-үш+ө+т

-иш+е+т

-ыш+а+т

ырдашат

бийлешет

ойношот

сүйлөшөт

угушат

үшүшөт

келишет

барышат

  Өзүӊдү текшер!

1. Мен эмне кылам?

Мен Ысык-Көлгө бар… .

2.Сен эмне кыласыӊ?

Сен сууга түш… .

3. Сиз эмне кыласыз?

Сиз чабак ур… .

4. Ал эмне кылат?

Ал сууда сүз … .

5.  Биз эмне кылабыз?

  Биз ден-соолукту чыӊд… .

6.   Силер эмне кыласыӊар?

  Силер күнгө күй…. .

7.  Сиздер эмне кыласыздар?

 Сиздер сууда топ ойн… .

8. Алар эмне кылышат? 

    Алар кемеге түш… .