Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Кыргызстан

БИЙЛЕЙМИН

Сөзү, обону Гүлмира Эсенгулованыкы.

 

Түшүнбөдүм неге мынча чочулашат,

Так көтөрүп бутумду мен бийлесем.

Атам-апам, жада калса чоӊ энем да,

Улам эле «Секирбе!» деп урушат.

А мен болсо такыр эле тура албайм,

Түрлүү күүлөр кулагыма угулат.

 

Кайырма:

Бийлеймин, бийлеймин таӊ атпай,

Бийлеймин, бийлеймин түшкө маал,

Бийлеймин, бийлеймин кечинде,

Эшикте, үйдө да чарчабай.

                                                

 

Бактылуумун деп өзүмдү жүрөмүн,

Анткени мен бийлегенди үйрөндүм.

Кайгырбаймын ата, апам урушса,

Түшүнөт да бир күнү деп күлөмүн.

Жок дегенде сен урушпа чоӊ эне,

Мен жөн гана бийлегенди сүйөмүн.

 

Кайырма:

Бийлеймин, бийлеймин таӊ атпай,

Бийлеймин, бийлеймин түшкө маал,

Бийлеймин, бийлеймин кечинде,

Эшикте, үйдө да чарчабай.

                                                

Жүрөгүм деп кээде апам жыгылат,

Так секирсем өӊдөн кетип кубарат.

Атам дагы кабак бүтөп айтат кеп:

«Бийлебегин бул өнөрүӊ жаман» деп.

Кечке чейин, ата гезит окусаӊ,

Мен айттымбы, «Ата мунуӊ жаман» деп.

 

Кайырма:

Бийлеймин, бийлеймин таӊ атпай,

Бийлеймин, бийлеймин түшкө маал,

Бийлеймин, бийлеймин кечинде,

Эшикте, үйдө да чарчабай.