Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Космонавт болгум келет

     Эркинбектин тиши ооруп, апасы менен доктурга барды. Ага доктур жылуу сүйлөп:

- Эгер космонавт болгуң келсе, мына бул отургучка отур – деди. Бул сөздү укканда тишинин оорусу басылгансып калды. Доктур жалпак темирди буту менен басып койду эле, Эркинбек отурган отургуч жогору көтөрүлүп кетти. «Мени учууга үйрөтүп жаткан турбайбы» - деди ичинен.

- Космонавт болгуң келеби? Анда тишиңди текшерт, ансыз космонавттын катарына албайт. Эркинбек акырын оозун ачты. Тишин чукулап жатканда, Эркинбек тыбырчылап жиберди.

- Ого-о, тишиӊди курт жеп бараткан тура. Муну айыктырбаса эч качан космонавт болбойсуӊ.

 Ж. Таштемиров

 



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Бака жалбырак

         Бака жалбырак суулуу, нымдуу жерлерде өсөт. Бул өсүмдүктү демейде элес албайбыз. Анткени ал жол боюнда, суунун жээгинде, булактын жанында көп жолугат. Бирок кокусунан колуңду же бутуңду тилдирип алсаң, бака жалбыракты издейсиң. Жаратыңа анын жапжашыл жалбырагын жабууга шашыласың. Анткени бака жалбырак уулуу заттарды соруп, ооруну басаңдатат.