Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Өс, Ала-Тоо!

Ырдайлы, достор, ырдайлы!

                            Обону М.Абдраевдики

                            Сөзү Ж.Садыковдуку

Буралып гүлү жайнаган,

Булбулу бакта сайраган

Ала-Тоо – кыргыз жергеси,

Артык го сайган саймадан!

 

Кайырма:

Жерибиз көрккө ыӊгайлуу,

Элибиз билбейт муӊ-кайгы.

Ынтымак, достук бизде бар,

Ырдайлы, достор, ырдайлы!

 

Жарашып тынчтык шартына,

Фестиваль майрам жалпыга.

Кулагын тосот Ала-Тоо

Ырдаган дыйкан, малчыга.

 

 

Жектейбиз согуш кыргынын,

Билебиз тынчтык чындыгын.

Баалайбыз сүйкүм мекендин

Байлыкка тунган ой-кырын.

Кайырма:

Жерибиз көрккө ыӊгайлуу,

Элибиз билбейт муӊ-кайгы.

Ынтымак, достук бизде бар,

Ырдайлы, достор, ырдайлы!