Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА 10 СҮЙЛӨМДӨН ТУРГАН ТЕКСТ ЖАЗГЫЛА, АНЫ АТАГЫЛА.

ТУУРА ЖАЗГАНГА МАШЫГАБЫЗ!

Саяпкер

Саяпкер деп күлүк таптаганды айтат.

Чүй тарапта Шергазы деген саяпкер болгон экен.

Ал айтылуу Керкашканы таптоочу экен.

Бир да атты Керкашка астына салбаптыр.

Кийин карып калганда Байтиктин ашына чапмак болот.

Ошондо казактан бир ашкан күлүк келет.
 

Шергазы казактар жаткан үйгө бир тыӊчы койдурат.

Ал от жагып отурганда, казактын саяпкери: «Чиркин ай, Керкашканын саяпкери укмуштуу неме экен, атта айып жок, табында.

Бирок карып калган экен.

Туягын саал кырып койсо, бул жолу да чыгат»,— деп сүйлөптүр.
 

Шергазы муну угар замат Керкашканын туягын кырып коёт.

Чынында эле ал биринчи болуп чыгып келет.
                                                                                    

Өзүңдү текшер!

Саяпкер

    Саяпкер деп күлүк таптаганды айтат. Чүй тарапта Шергазы деген саяпкер болгон экен. Ал айтылуу Керкашканы таптоочу экен. Бир да атты Керкашка астына салбаптыр. Кийин карып калганда Байтиктин ашына чапмак болот. Ошондо казактан бир ашкан күлүк келет.
Шергазы казактар жаткан үйгө бир тыӊчы койдурат. Ал от жагып отурганда, казактын саяпкери: «Чиркин ай, Керкашканын саяпкери укмуштуу неме экен, атта айып жок, табында. Бирок карып калган экен. Туягын саал кырып койсо, бул жолу да чыгат»,— деп сүйлөптүр.
Шергазы муну угар замат Керкашканын туягын кырып коёт. Чынында эле ал биринчи болуп чыгып келет.