Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Ачык көңүл балдарбыз

Ачык көңүл балдарбыз
Муӊаюну билбеген.
Ачык көнүл балдарбыз
Жөн турганды сүйбөгөн.
Кандай жумуш болбосун,
Баштайбыз ыр-бий менен.

Кол бошто биз кайдабыз?
Эмгек сүйгөн жайдабыз.
Жетине албай калабыз,
Элге тийсе пайдабыз.
Кандай жерге барсак да,
Алкыш алып кайтабыз.