Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Нооруз майрамы

  “Нооруз” деген сөз “жаңы жыл, жаңы күн” дегенди билдирет. Бул күнү күн менен түн теңелет. Элибиз бул майрамга өзгөчө маани берет. Көпчүлүк адамдар сүмөлөк жасашат. Жакшы тилектерин айтышат.
   Менин апам Нооруз майрамын чыдамсыздык менен күтөт. Анткени, ал үйдү аластаганды жакшы көрөт. “Аластаганда үй тазаланат” деп ишенет.
    Ноорузда айылда кыргыздын улуттук оюндары “Ат чабыш”, “Кыз куумай” ойнолот. Аны элдер кызыгуу менен көрүшөт. Байгеге баалуу белектер коюлат.
   “Жаңы жылды кандай тосуп алсаң, жыл ошондой өтөт” дешет эмеспи. Ошондуктан, ар бир адам майрамды жакшы өткөрүүгө аракеттенишет.

 



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Эне тили

         Жер жүзүндө миңдеген тилдер бар. Бирок ар бир адамдын өзүнүн эң жакын жана кадырлап сүйгөн эне тили болот. Тилди сүйүү – бул ошол тилде эркин жана сабаттуу окуу, жазуу жана сүйлөй билүү. Так ушул тил сенин жүрөгүңдү жылыткан жакшы сөздөр болуп айтылат. Сенин көңүлүңдү көтөргөн шайыр ырлар ырдалат. Укмуштуу жомоктор болуп төгүлөт. Эне тил аркылуу гана акылман китептердин дүйнөсүнө кире аласың.