Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА 10 СҮЙЛӨМДӨН ТУРГАН ТЕКСТ ЖАЗГЫЛА, АНЫ АТАГЫЛА.

ТУУРА ЖАЗГАНГА МАШЫГАБЫЗ!

Шекер айылы

Биздин Шекер эң чоң айыл, үч жүздөн ашык түтүн.

Каттаган сайын тигинден, мындан жаңы үйдүн төбөсүн көрүп калам.

Айылым өсүп, чоңоюп барат.

Турган орду да мал-жанга жайлуу, суу башында, Талас тоосунун этегинде, эзелтен Манас делип аталган кош чокулуу улуу тоонун так түбүндө.

Кезинде Аккуласын алкынтып ушул чокуга чыккан экен Эр Манас, дагы кайдан жоо келип калбасын деп, туш  тарапка көз чаптырып турган экен ушул бийиктикте Эр Манас.

Бул чокудан төгөрөктүн төрт бурчу көрүнөрү ырас.

Ушул тоонун мөңгүсүнөн куралып, биздин Шекерге ак көбүк, көк буурул агып келет.

Ал — Күркүрөө.

Атына жараша заты бар, бул аймакта жер бетинде кыбыраган жан-жаныбарга өмүр берген ушу суу.
                                                                                        

Өзүңдү текшер!

Шекер айылы

    Биздин Шекер эң чоң айыл, үч жүздөн ашык түтүн. Каттаган сайын тигинден, мындан жаңы үйдүн төбөсүн көрүп калам. Айылым өсүп, чоңоюп барат. Турган орду да мал-жанга жайлуу, суу башында, Талас тоосунун этегинде, эзелтен Манас делип аталган кош чокулуу улуу тоонун так түбүндө. Кезинде Аккуласын алкынтып ушул чокуга чыккан экен Эр Манас, дагы кайдан жоо келип калбасын деп, туш  тарапка көз чаптырып турган экен ушул бийиктикте Эр Манас. Бул чокудан төгөрөктүн төрт бурчу көрүнөрү ырас. Ушул тоонун мөңгүсүнөн куралып, биздин Шекерге ак көбүк, көк буурул агып келет. Ал — Күркүрөө. Атына жараша заты бар, бул аймакта жер бетинде кыбыраган жан-жаныбарга өмүр берген ушу суу.