Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Сүйлөм

Бүткөн бир айрым ойду билдирген бир же бир нече сөздөрдүн тизмеги сүйлөм деп аталат.

Мисалы: Жай. Эшик ысык. Жайкы эс алуу башталды.

Сүйлөм сөздөрдөн, сөз айкаштарынан куралат.

Мисалы: Шаарда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп жатат.

Биздин айылда Зыйнат деген саймачы, куракчы апа жашайт.

Бир сөздөн да турган сүйлөмдөр болот.

Мисалы: Азамат.  Жарайсыӊ! Бүттүӊбү?

Өзүӊдү текшер!

Сөздөрдөн, сөз айкаштарынан сүйлөмдөрдү туура түзөлү.

1-сүйлөм. Көргөзмө.



2-сүйлөм

Колдонулуучу сөздөр: Көргөзмө , ачылды




3-сүйлөм.

Колдонулуучу сөздөр: көргөзмө , ачылды, Кечээ




4-сүйлөм

Колдонулуучу сөздөр: көргөзмө , ачылды, Кечээ , аянтчада