Кыргызча   Русский



УЛАМЫШ


 

АРЧА

    Илгери бир абышка-кемпир жашаган экен. Экөө көп жыл балалуу болбой жүрүп, карыганда уулдуу болушат. Маңдайга бүткөн жылдызыбыз, башыбызга күн түшсө сүйүнөр медерибиз, зериккенде жарпыбызды жазар эрмегибиз деп, баланы канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, суук көздөн оолак тутуп, эрезеге жеткиришет.

    Бир күнү баласы отунга кетет. Үйүнө келсе энеси катуу сыркоолоп төшөктө жатып калган болот. Эненин оорусу күн өткөн сайын күчөп, ал өңүнөн кетип саргайып, күндөн-күнгө арыктап, кичирейип калат.

    Уулу атасынын кеңеши боюнча бир дарыгерди таап ке­лет. Дарыгер кемпирдин тамырын көрүп:

    - Бул ооруга бир гана дабаа бар, ал мүрөктүн суусу. Ошону ичирсең, энең эч качан оорубайт, жашарат, - дейт. Аны көп жер кыдырып, бир булактан табарын айтат.

    Ошол күнү эле бала алыс сапарга аттанып, жер кезип, булакты издеп жөнөйт. Акыры табат. Сууну алып үйүнө кайтат. Жер кезип, суу кечип, көп күн уйку бетин көрбөгөн бала чарчап, бир дарактын түбүнө келип, уктап калат. Байкоосуздан энеси үчүн алып келе жаткан баягы өмүрдүн суусун төгүп алат.

    Ал агып отуруп бир дарактын тамырына жетет. Мүрөктүн суусуна сугарылган бул арча дайыма жашарып, өлбөс даракка айланат. Сууну төгүп алганын көрүп, бала аябай өкүнөт, бирок ушул суудан арчанын көгөргөнүн көрүп, анын жалбырагынан үйүнө алып келет. Келсе, энесинин абалы андан да начарлап, өлүм алдында турган экен. Бала баягы алып келген жалбыракты үйдүн ичине түтөтөп, энесине жыттатат. Бул мүрөктүн суусун ичкен, касиеттүү дарактан даба таап, эне оорудан тез эле айыгып кетет.

   Мына ушундан улам, адамдарды түрдүү оору-сыркоолордон, капыстан келген кайгыдан, чертип келген кырсыктан алыс болсун деп, арчанын жалбырагын түтөтүү салты кал­ган экен.

ТАБЫШМАКТАР

Башы күндү ээрчиме,
Төлүн багат бетине.

 

Жер алдында төлдөгөн,
Төлүн өзү бөлбөгөн.

 

Жайында карарып чыгат,
Күзүндө агарып бышат.

 

Асты таш,
Үстү таш,
Ортосунда бышкан аш.

 

Сырты бирөө тоголок,
Ичинде миӊ сан томолок.

 

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Аз болсо да, саз болсун.

Лучше меньше, да лучше.

 

Эки тоо көрүшпөйт,
Эки адам көрүшөт.

Гора горой не сходится, а человек с человеком сойдется.

 

Жамгыр менен жер көгөрөт,
Бата менен эр көгөрөт.