Кыргызча   Русский



УЛАМЫШ

 

Комуз кантип пайда болгон?

   

Илгери-илгери жер үстүндө хан болгон экен. Ал элин эзип, мөгдүрөтүп келгендиктен, эл аны кара мүртөз, зордукчул, канкор хан деп аташкан экен. Элдин каргышы, кайгы муңу жеткенби, айтор, хан баласыз болуптур. Кудайга жалынып жатып карыганда жалгыз перзенттүү болгон имиш. Жалгыз перзенти чоңоюп эр жеткен соң, зулум хан жигиттерди тандап берет. Хандын уулу кайда жүрбөсүн, аны баягы нөкөрлөр коштоп жүрөт.

Күндөрдүн биринде хандын уулу аңчылыкка кетет. Ой-тоону кыдырып, токойлорду аралап, эч нерсе жолукпай, ка­мыш аралап келе жатса, алдынан күрүлдөп эне жолборс чы­гат. Ал өзүнүн балдарын коргоп, алардын алдына айбаттуу чыккан эле. Жолборстун күрүлдөгөн айбатынан жанында нөкөрлөр качып жөнөшөт. Хандын уулу жебесин алганча болбой, жолборс аны чапчып өтөт. Хандын уулунун өлгөнүн көрүп, жигиттердин үрөйү учат.

Күндөр өттү. Хан уулун күттү, бирок уулу кайрылып келбеди. Ошондо хан жар чакырып:

- Кимде ким менин көзүм, мурасым, жалгызым жөнүндө жаман кабар алып келсе, коргошунду эритип, оозуна куям. Уулумду таап бергиле! - дейт.

Жарчылардын үнүн угуп, нөкөрлөрү эмне кылар айласын таппай, жер кезип кетишет. Too этегинде турган жалгыз алачыкта Аалы деген зергер жашоочу. Ал уста гана болбостон, акылман да болгон экен. Жигиттер Аалыга келип, болгон окуяны айтып беришет, өлүмдөн куткаруусун өтүнүшөт. Аалы аларды тамактандырып, эс алдырат. Ал түнү бою жыгачты жонуп, кандайдыр бир чөйчөк сыяктуу нерсе жасап, ага узун, ичке кылдарды тагат. Андан соң ойното баштаса, андан нечен сонун үндөр жаңырып чыга баштайт. Ал бирде ырдап, бирде ыйлап жатты. Аалы эртең менен жигиттерди ойготуп, ханга келет. Хан алардын жаман кабар алып келгенин байкайт. Аалы ханга таазим этип, баягы куралда кол ойното баштады. Ал курал чымчыктардын сайраганын, суунун шылдырап агышын, ымыркайдын күлкүсүн сүйлөп берип жатты. Хандын жарпы жазыла магдырап жыргап укту.

     Аңгыча баягы жайдары күлкүнү ырылдаган үн бузуп кетти да, ага удаа «апа» деп жардам сураган аянычтуу үн чыгып, заматта жок боло түштү. Хандын көңүлү айнып, айкырыкты салып, жалгыз мурасчысынан ажыраганына ишенбей, тилсиз жоону жок кылууга шашты. Жулунган нөкөрлөр заматта Аалынын колундагы куралды жулуп алып, эритилген коргошуңду куя баштады. Бирок курал бирде ыйлап, бирде ырдап окуяны баяндап жатты. Бул курал Аалы зергер жасаган, атадан балага кылым улап жашап келе жаткан улуу комуз эле.

ТАБЫШМАКТАР

 

Топ чымчык, топ чырпык,

Топ чымчык топ чырпыкка экиден консо,

Артып калат бир чырпык.

Топ чымчык топ чырпыкка бирден консо,

Артып калат бир чымчык.

Канча чымчык? Канча чырпык?

 

Үйдүн төрт бурчунда төрт мышык.

Ар биринин каршысында бирден мышык.

Баары бириксе, канча мышык?

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

 

Кийимиӊ менен мактанбай, Билимиӊ менен мактан.

Не хвались одеждой, а хвались знанием.

 

«Кел» деген бар, «кет» демек жок.

Пора и честь знать.

 

Акылдуу ката кетирсе, өзүн жемелейт,

Акылсыз ката кетирсе, жолдошун жемелейт.

Если умный допустит ошибку, себя укоряет,

Если глупый допустит ошибку, товарища упрекает.