Кыргызча   Русский



УЛАМЫШ

ЧОЛПОН- АТА

Азыркы Чолпон-Ата шаары турган жерде бир кедей адам жашаган экен. Ал байдын малын багып оокат кылуучу дейт. Көпкө чейин балалуу болбой, жашы улгайып бара жатканда бир кыздуу болот. Ал абдан сулуу, эстүү болуп бой тартат. Кызы чоңоюп келе жатканда, апасы дүйнөдөн көзү өтөт. Абышка менен кызы катуу кайгырат, бирок айла жок, тиричилик өтө берет, кызы Чолпон экөө тең күн өткөрүп оокат кечирет.

Күндөрдүн биринде ошол тегеректеги бай адам Чолпондун сулуулугуна, акылдуулугуна суктанып, бой тартып келе жаткан кызга куда түшөт. Атасы да ага каршы болбойт. Кыязы, жетишпеген жашоодон өзү да кыйналса керек, кызым кыйналбаса деп ойлогон го. Кызы ары айтып, бери айтып, анан калса, жашы өтүп калган адамга баргысы келбегенин түшүндүрсө, атасы көшөрүп болбой коет. Ошентип, ата-баланын ортосу сууй түшөт.

Күндөн-күн өтөт. Атасына түшүндүрө албаган кыз бир күнү атасы мал артынан кеткенде, тоого чыгып, көз жашын көлдөй төгүп, бул жашоодон аша кечип, тоодон боюн таштамакчы болот. Эңкейип секире берерде, ал ташка айланат да, калат.

Кечинде атасы үйгө келсе кызынан дайын жок. Ана келет, мына келет менен бир топ убакыт өтөт. Айылдагылардан сураса, эртең менен тоого бет алганын айтышат. Атасы күйүгүп тоого чыкса, таш болуп катып калган Чолпон эңкейип турат. Картайганда көргөн кызынын абалын көргөн атасы сакалынан жаш агызып ыйлап турат. Же кемпири болбосо, кызынан тирүүлөй ажыраса, айласы куруган чал да секирип өлгүсү келет. Ошол учурда жалгыз кызынан ажыраган абышка да ташка айланат.

Күн ачык турганда Чолпон-Ата шаарынын үстүндөгү тоонун кырында эңкейип турган кыз жана секирип келе жаткан сакалдуу адамдын элеси катып турат дейт. Байыркы заманда мына ушул жерди айылдагылар Чолпон жана атасынын элесинен Чолпон-Ата деп атаган экен.

ТАБЫШМАКТАР

Элексиз элеп, даяр ун берет,

Жебейбиз аны, бирок турмушка керек,

Ар жылда келет, бул эмне делет?

 

Карагайсыз, тактайсыз,

Көпүрө салдым балтасыз.

 

Буту жок, колу жок,

Эшик ачканга шок.

 

Бар десе, бар эмес,

Жок десе, жок эмес. (АБА)

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Жайлоонун көркү мал менен,

Өзөндүн көркү сай менен.

 

Тоонун көркү кенинде,

Талаанын көркү жеринде.