Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Менин айылым

    Менин кичи мекеним – Шекер айылы. Ал Таластагы бир кичинекей айыл болсо да, дүйнө жүзүнө таанымал. Анткени Шекер айылында кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыӊгыз Айтматов туулган. Чыӊгыз атабыз кичине кезинде ушул көчөлөр менен басып, балдар менен ойногон. Чоӊойгондо өз айылына  тез-тез каттап турууну каалоочу. Азыр Чыӊгыз атабыз жашаган үй музейге айланган.Биздин айылдын эли ушуга абдан сыймыктанабыз.

        Мен да чоӊойгондо жазуучу болгум келет. Ар кандай окуяларды кызыктуу кылып жазып, чыгарма жазганды үйрөнсөм дейм. Ошондуктан кыргыз тилин жакшы окуп, мыкты үйрөнүшүм керек. Кыргызча туура сүйлөп, жаза билсем жана кыргыз эли, жери тууралуу көп окусам, ошондо мен максатыма жетемин деген ойдомун.

 



Өзүңдү текшер!

Менин – Шекер айылы.

Ал бир кичинекей айыл болсо да, таанымал.

Анткени кыргыз элинин улуу жазуучусу туулган.

Чыӊгыз атабыз ушул менен басып, балдар менен .

өз айылына каттап турууну каалоочу.

Азыр Чыӊгыз атабыз музейге айланган.

Биздин эли ушуга абдан .

Мен да жазуучу болгум келет.

Ар кандай кызыктуу кылып жазып, жазганды үйрөнсөм дейм.

Ошондуктан жакшы окуп, мыкты керек.

Кыргызча , жаза билсем жана кыргыз эли, жери тууралуу

окусам, ошондо мен жетемин деген ойдомун.

Колдонулуучу сөздөр: чоӊойгондо, туура сүйлөп, Чыӊгыз Айтматов, ойногон, Шекер айылында, максатыма, көп, кичи мекеним, үйрөнүшүм, Таластагы, тез-тез, чыгарма, дүйнө жүзүнө, жашаган үй, кичине кезинде, Чоӊойгондо, кыргыз тилин, окуяларды, көчөлөр, сыймыктанабыз, айылдын




Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

МАНАСТЫН ТӨРӨЛҮШҮ

    Жаңыдан төрөлгөн баланы Канымжан жоолукка ороп, бал кошуп мурдатан даярдалган сары май менен оозантты. Жаңы төрөлгөн бала үч карын майды үч саатка жеткирбей жеп койду. Сегиз бээ, толгон мал союлуп, жаңы төрөлгөн бала үчүн аялдарга жентек берилди.

    Кермеде байланып турган алтымыш атты четинен минип, Жакыпка сүйүнчүлөп, туш-тушка чабышты. Жакыпты издегендердин ичинен Айбалта биринчи көрүп, жакындап барса, кула бээден туулган ак сур кулундун тумшугун сылап, аны энесине эмизип жатыптыр.

    Уулдуу болдуң деп сүйүнчү укканда, а дегенде Жакып эси ооп, талып калат. Кийин эсине келгенде чөнтөгүнө кол салып, бир баштык алтын берет. Андан тышкары жылкыдан тандап тогузду ал, төөдөн төртөөнү, төрт уруу малдан төрт тогузду алгын дейт.

* * *

    Балалуу болгондон кийин Жакыптын мурдагы сараңдыгы жоголот. Чоң той берип, баласынын атын коймок болот. Тойдо балбан күрөш, эр эңиш, ар кандай тамашалар болуп, ат чабылып, ырчылар ырын ырдашат. Тойдун салты бир жумага созулат.

    Бай Жакып баласын этегине салып келип, отургандарга «Ат коюп бергиле» деп кайрылды.

    Отургандар канчалык аракет кылганы менен оозуна ылайыктуу бир ат келбеди. Аңгыча кайдан экени белгисиз, колунда асасы бар, бир дубана пайда болуп:

  -  Уруксат берсеңер, балага атты мен коеюн,-деди.

  - Коюңуз,   коюңуз! — дешип  баары  тең чуулдашты.

 - Аты Манас болсун, — дубана кол жайды. Кары-жаштын бардыгы тең бата кылды.  

С. М у с а е в