Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Арсланбап өрөөнү

    Арсланбап өрөөнү Жалал-Абад аймагынан орун алган. Ал – дүйнөдөгү кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жаңгак – жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, алма кездешет.

     Мөмө-жемиштерден шилби, итмурун, карамарт, ыргай да өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, акчечек, кайың, шилби, табылгы жолугат.

    Өрөөн аркылуу Арсланбап суусу агып өтөт. Жаныбарлардан аюу, доңуз, карышкыр, суусар, кашкулак, элик, тоо эчки мекендейт. Канаттуулардан улар, кекилик, чил көп кездешет.

                                                  «Улуттук энциклопедиядан»

 



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Жайлоодо

    Мен таңга маал ойгондум. Мемиреген тынчтыкты аялдардын дабышы бузду. Алар бээлерди, уйларды саап жүрүштү. Мен сыртка чыктым. Абам жылкыларды жайытка айдап бара жаткан экен. Ага кичинекей Акжол жардам берип жүрөт. Баланын атка чыйрактыгы мени абдан таң калтырды. Мен да атка мингим келди. Адегенде Акжолго учкашып артында жүрдүм. Анан эшек мингенди үйрөндүм. Ушундан кийин гана мен атка өзүм мине баштадым.