Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА 10 СҮЙЛӨМДӨН ТУРГАН ТЕКСТ ЖАЗГЫЛА, АНЫ АТАГЫЛА.

ТУУРА ЖАЗГАНГА МАШЫГАБЫЗ!

Кара чыйырчык

Бир маалда коркуп чырылдаган үн угулду.

Асан көчө жакка жүгүрүп чыкты.

Мышык кара чыйырчыкты жарадар кылып, жегени жатыптыр.

Асан таяк менен мышыкка тап берди.

Мышык качып жөнөдү.

Асан кара чыйырчыкты үйүнө алып кирди.

Анын жараатын таңып койду.
 

Бакчадан курт таап келип тамактандырып турду.

Арадан бир, эки жума өттү.

Кара чыйырчык учканга да жарап калды.
 

Ошентип, күз да келди.

Келгин куштар кете башташты.

Асандын кара чыйырчыгы да зымырап учуп кетти.

Өзүңдү текшер!

Кара чыйырчык

     Бир маалда коркуп чырылдаган үн угулду. Асан көчө жакка жүгүрүп чыкты. Мышык кара чыйырчыкты жарадар кылып, жегени жатыптыр. Асан таяк менен мышыкка тап берди. Мышык качып жөнөдү. Асан кара чыйырчыкты үйүнө алып кирди. Анын жараатын таңып койду.
Бакчадан курт таап келип тамактандырып турду. Арадан бир, эки жума өттү. Кара чыйырчык учканга да жарап калды.
Ошентип, күз да келди. Келгин куштар кете башташты. Асандын кара чыйырчыгы да зымырап учуп кетти.