Кыргызча   Русский



ЖОМОК

Булбул

    Байыркы бир заманда  чал менен булбул экөө дос болуптур. Чал мергенчи да, кол ойноткон комузчу да экен. Ал ар күнү  аңчылыка чыгып ошону менен оокатын өткөрүптүр. Токойдогу сайраган түрдүү канаттуу куштардын үнүн угуп, үйүнө келгенден кийин аларды комуздун күүсүнө салып, түрдүү, мукамдуу күүлөрдү чыгарат.
    Күндөрдүн биринде  чалдын комуз черткен күүсүнө кызыккан булбул:
- Досум, мага ушул күүлөрүңдөн үйрөтүп койчу, - деп суранат.
- Макул, - дейт чал. Ошондон баштап ар күнү мергенчиликтен келгенден кийин комузун колуна алып, ар кандай мукам күүлөрдү кубулжута чертип, ал эми булбул тыңшап олтурат. Бара-бара комуз күүлөрүн туураганга булбулдун тили жатыга баштайт. Күндөр өтүп, комуз күүлөрүн шаңшытып сайрап, бүт үйрөнүп алат.

Булбул кийин такшалып, анын сайраганын уккан адамдар тыңшап эле олтургусу келип, таң калышат.                                                        Ошондо абышка булбулга кайрылып: - Досум, сенин сайраганың бүт элге жагып калды, адамдын баары эле уккусу келет. Бирок күндүзү иш менен күйпөлөктөп жүрүшүп, жакшы уга албай жатышат. Ошондуктан түнкүсүн сайрагын. Түнкүсүн эл бош, сайраганыңды жай баракат угушуп, маашырланышсын.
Булбул сайраганды комуздан үйрөнүп, комузчу досунун айтуусу боюнча дайыма түнкүсүн сайрап калган экен.

ТАБЫШМАКТАР

 

Сагызганым шак этет,

Шагы менде калган жок.

Узун чыбык солк этет,

Учу менде калган жок.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

 

Оӊ колуӊдун ачуусу келсе, сол колуӊ менен бас.

Умей сдерживать свой гнев.

 

Өзүӊдү эр ойлосоӊ, өзгөнү шер ойло.

Если себя ты считаешь храбрецом, то другого считай львом.