Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Ак бата    

                    

ЖАРАМАЗАН

Элдик ыр

 

Атсалоом алекум жарамазан,

Он эки айда бир келген орозожан.

Орозого союлган кызыл короз,

Орозоӊуз кабыл болсун бай акежан.

 

Адыр, адыр (ай) тоолордон,

Айгыр минип (ай) биз келдик.

Айгыр башын (ай) тарталбай,

Ушул үйгө (ай) туш келдик,

Ушул үйгө (ай) туш келдик.

 

Жарамазан айтып келдик эшигиӊе,

Ак кочкордой уул берсин бешигиӊе.

Айлыӊарды каптасын ак мараке,

Ар күн сайын той болсун эшигиӊе.

 

Бодур, бодур (ай) тоолордон,

Бука минип (ай) биз келдик.

Бука башын (ай) тарталбай.

Ушул үйгө (ай) туш келдик,

Ушул үйгө (ай) туш келдик.