Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Сылыктыкты билдирүүчү – сыз мүчөсү

   Билимдүү, маданияттуу адам сылык болот. Улууларды сыйлайт, кичүүлөрдү таарынтпайт. Өзүнөн улуу адамдарга «Сиз» деп кайрылат.Бул кыргыз тилиндеги «Саламатсызбы?», «ырахмат», «кичи пейилдикке», «кечирип коюӊуз» деген «сыйкырдуу сөздөрдүн» катарына кирет. «Сыйкырдуу сөздөрдү» дайыма колдонсоӊ, сүйлөшүп жаткан адамдардын маанайы ачылат, сени жакшы көрүшүп, ар дайым жылуу, жакшы мамиле кылышат.

 

 

Ошондуктан сылык сүйлөгөндү үйрөнүп алалы!

Мисалы:

Сиз кимсиз?

Сиз менин мээримдүү апамсыз.

Сиз менин сүйүктүү атамсыз.

Сиз менин боорукер эжемсиз.

Сиз менин кымбаттуу байкемсиз.

Сиз кандайсыз?

Сиз менден улуусуз.

Сиз абдан акылдуусуз.

Сиз азаматсыз!

 

Өзүӊдү текшер!

Таблицага бул сөздөргө – сыз  мүчөсүн туура улап жайгаштыр.

(эжейим, агайым, досум, бөлөм, жакшы, боорукер, күчтүү, коркок)

-сыз

-суз

-сиз

 -суз