Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

ҮЙ ДАРЫКАНАСЫ

    Ар бир үй-бүлөнүн өзүнчө дарыканасы болгону дурус. Анткени, күтүлбөгөн жерден дененин температурасы көтөрүлүп, бир жери күйүп калуу, же колду кесип алууга мүмкүн. Ушундай убакта дары-дармекти үйдөн таап алып, пайдалана коюу ыңгайлуу. Ал үчүн кичинекей сандыкча жасап, аны ыңгайлуу жерге жайгаштыруу керек. Дарыны жайгаштырганда ич ооруларга тиешелүүлөрүн өзүнчө, сырткы жаратка пайдалануучу дары-дармектерди өзүнчө бөлүп койгон жакшы. Ар бир дарынын аты-жөнү жазылган кагаз, кайсы ооруга канча өлчөмдө пайдалана тургандыгын врачтын кеңеши менен жазып коюу да ашыктык кылбайт. Көпчүлүк дары-дармектин кутучасында анын канча убакытка чейин жарактуу экендиги жазылып коюлат. Демек, ошол айтылгандай аткарган туура.

 



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Ак аюу

         Арктикалык деңиздердин жээгинен ак аюуну кезиктирүүгө болот. Ак аюу биздин күрөң аюуга өтө окшош келет . Бирок ак аюунун тулку бою узунураак. Бутунун салаалары калың жаргак менен капталган. Бул ак аюунун сууда мыкты сүзүүсүнө шарт түзөт. Ак аюу сууда балыктарды кармайт. Ал эми муз үстүндө морждорду кармап жейт. Ак аюунун салмагы бир тоннага, узундугу үч метрге чейин жетет.