Yйлөмө аспаптардын теги байыркы замандарга барып такалат. Алтайлыктарда чоор - "шоор" деп аталат экен. Ошондой эле хакастар, тувалыктарда да шоор ойнолот. Шоор куурайдан жасалгандыктан, бул элдерде "куургай", же "комургай" деп да коюшат. Ал эми башкыр элинде болсо чоорду "куурай" деп коюшат.
Чоор эки учу ачык түтүк, төрт көзөнөктүү, тигинен кармап ойнолот. Аспаптын жердиги - шилби, сары жыгачтан жасалат. Чоор түтүгүнүн эки жагы жарылып кетпеш үчүн мүйүз кийгизилет. Чоорду тартуунун алдында ичин суу менен чайкап коюу керек. Байыркы доорлордо пайда болгон чогойно чоор, балдыркан чоор дегендер бүгүн колдонулуудан чыгып калган. Азыр кичине чоор, чоӊ чоор, ышкырык чоор, чопо чоорлор колдонулат.
Кичине чоор. Yн өзгөртүүчү 10 көзөнөгү бар. Аспап өрүк, алмурут жыгачтарынан, ошондой эле желимден, латун, жез, аллюминий сыяктуу түстүү металлдан даярдалат.
Чоң чоор. 4 же 5 үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү бар. Башка чоорлордо алууга мүмкүн болбой турган төмөнкү добуштар алынат. Аспап түстүү металлдардан жана желимден жасалат. Катуу жыгачтардан жасаса да болот.
Ышкырык чоор. Чатыр гүлдүүлөр түркүмүндөгү өсүмдүктөрдүн же чогойнонун сабагынан жасалат. Алдыңкы учу туюк болуп, үн өзгөртүүчү 2-3 көзөнөгү бар. Тик кармап, ооз жагын эринге такап, ышкырык жылчыгынан тилдин жардамы менен үн алынат.
Ышкырык. Талдын же теректин бутаксыз сабактарынан жазында жасалат, үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү болбойт. Жогору жагынан ышкырык жылчыгы оюлуп, таякчанын эки учу тыгындалат. Ышкырык убактылуу гана аспап, ал 3-4 күнгө гана кызмат кылат.
Чопо чоор. Көрүнүшү сүйрү, тоголок келип, учтанган тарабынан ышкырык жылчыгы оюлат. Ак же кызыл чопону 900 градустан ашык ысыктыкка бышырат. Ак чоподон жасалган чоордун үнү катуу чыгат. Мурда чопо чоордун 3-4 гана үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү болгон. Азыркы өркүндөтүлгөн аспаптын 7-8 ге чейин көзөнөктөрү бар.
Комуз күүлөрүн таржымалы менен эң көп билген комузчу – Нурак Абдрахманов. Ал 170 күүнү жаралыш тарыхы менен айтып чертет, өзү 17 күү чыгарган.
Эң көп аспапта ойногон таланттардын бири – Курмангазы Азыкбаев. Ал 22 аспапты аткара билет (комуз, сыбызгы, чоор, флейта, саксафон ж.б.). Ал тил билүү боюнча да рекордсмен (14 тил билет экен). Ал эми кызы Нурайым 12, уулу 7-8 аспапта ойнойт.