Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

АЙЫМ-КҮНҮМ АТА-ЭНЕМ

Сөзү, обону Шакин Эсенгуловдуку

Ойноп жүрүп жыгылсам,

Үйрүлөсүӊ апакем.

Жүрөгүӊдү чок кылып,

Күйдүрөсүӊ атакем.

Оо, апакем, ии, атакем,

Айым-күнүм ата-энем!

 

Чыргоолонсом онтолоп,

Ашын берген апакем.

Чымын жанын аябай,

Жашын берген атакем.

Оо, апакем, ии, атакем,

Айым-күнүм ата-энем!

 

Ортоӊорго эркелеп,

Жетилейин, өсөйүн.

Айым-күнүм ата-энем,

Кадырыӊа жетейин.

Оо, апакем, ии, атакем,

Айым-күнүм ата-энем!

 

Ата – эне

Мына минтип

 

Биз ойнойбуз жол салып,

Колго күрөк, балка алып.

Мына минтип, мына минтип,

Мына минтип, минтип.

 

Тоголото топ тептик,

Топ качса да биз жеттик.

Мына минтип, мына минтип,

Мына минтип, минтип.

 

«Мышык-чычкан» ойнойбуз,

Мышык жолун торойбуз.

Мына минтип, мына минтип,

Мына минтип, минтип.

 

Аргыкмакты минебиз,

Ар ишке дем беребиз.

Мына минтип, мына минтип,

Мына минтип, минтип.