Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Биз үйдө эмне кылабыз?

    Биздин үй-бүлɵдɵ он киши бар. Атам, апам, байкем жана эжем болуп тɵртɵɵ кызмат кылышат. Калганыбыз үч эркек, үч кыз. Мен жетидемин, Биримкул болсо сегизде. Экɵɵбүз окуп жатабыз, калгандары кичинекей.

     Атам ат багат, байкем балчы. Апам бала эмизет жана үй жумуштарын кылат. Жайында кой, эчкилерди саайт. Эжем апам менен жип-шуу эшишет, кийим тигишет, кийиз жасашат. Апам эч талыкпайт. Кээде мен дагы кол кабыш кылам. Байкем экɵɵбүз сабактан келгенде карап турбайбыз, кичинекей ини-карындаштарыбызды ойнотобуз. Ата-энебизге колдон келишинче жардам беребиз.

(Туӊгуч агартуучу Эшенаалы Арабаевдин «Алиппе» китебинен)



Өзүӊдү текшер!

Ким эмне кылат?

Атасы .

Байкеси .

Апасы , , .

Эжеси апасы менен , , .

Байкеси экөө , .

Колдонулуучу сөздөр: кийим тигишет, кой, эчкилерди саайт, кийиз кылышат, ат багат, ини-карындаштарын ойнотот, ата-энесине жардам беришет, үй жумуштарын кылат, бала эмизет, жип-шуу эшишет, балчы




Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ

ОЙЛОНУП КАЛДЫ

      Чоң атасы Кайратка минтип айтты. Кулактын үч түрү бар. Анын бири — «Куйма кулак». Бул кулак акылдуу кепти, сөздү көп тыңшайт. Эсинде сактайт. Аны аткарууга дилгирленет. Ушул кулактын ээси болгон балдар эл алкоосуна ээ болот. Экинчи бир түрү — «Акма кулак». Айткан алтын сөздөр бул кулактын сыртынан кетет. Үчүнчүсү — «Жайма кулак». Бул — абдан коркунучтуу кулак. Уккан сөздөрүн токтотпойт. Элге жайып жиберет. Сырттан уккандарын үйгө жеткизип турат. Бул ушакты көп угат. Бул кулакты тарбиялап «куйма кулакка» айландырса бо­лот.