Кыргызча   Русский



ЖОМОК

«Торгой»

    Учуп келаткан торгойдун топусу эрмендин арасына түшүп кетти. Торгой эрменге карап: «Эрмен, эрмен топумду алып берчи», - деди.  «Сенин топуң эмес, өзүмдүн ордуман козголо албай турам», - деди эрмен. «Анда сени эчкиге айтып жегизем», - деди да, торгой эчкиге келди: «Тетиги жерде көп эрмен бар экен, ошону жесең болбойбу?».

     «Эрменди жемек тургай, улагымды көтөрө албай араң жүрөм», - деди эчки.  «Сени карышкырга айтып, жегизем», - деп торгой учкан бойдон карышкырга барды. «Карышкыр, карышкыр, төмөн жакта бир эчки турат, жесең боло».  «Эчки жемек түгүл, үңкүрүмдү каза албай жатам», - деп жооп берди карышкыр.  «Сени жылкычыга барып айтайын, азыр чаап алсын» - деди да, торгой сызган бойдон жылкычыга жетти.  «Жылкычы, жылкычы, төмөнкү коктуда бир карышкыр үңкүр казып жатат, чаап алсаң боло».  «Карышкыр чапмак түгүл, жоголгон жылкымды  табалбай жүрөм», - деп жылкычы сүйлөдү. «Сени  байга  айтпасамбы», - деди торгой, анан байга келди.  «Бай, бай, жылкычың жылкыларды жоготуп таппай жүрөт, аны урсаң боло».  «Жылкычыны урмак түгүл, казымды көтөрүп басалбай отурам», - деди бай.

    «Сени чычканга айтып, казыңды тештирейин», - деп торгой чычканга келди. «Байдын казысын тешмек түгүл, балдарыма ийин каза албай жатам», - деп чычкан чыйылдады. «Сени тентек балдарга  айтып ийниңе суу куйдурбасамбы» - деп торгой, кекенген бойдон тентектерге айтты: «Ийинисине суу куймак түгүл, балдарга чүкөмдү уттуруп, музоомду кайтара албай жүрөм», - дейт тентек бала. «Сени энеңе айтпасамбы», - деди да, торгой баланын энесине учуп кетти: «Балаң чүкөсүн уттуруп, музоосун карабайт экен, сабасаң боло».  «Аны сабамак тургай, жүн сабай албай жатам», - деди энеси. «Сени куюнга айтып, жүнүңдү  учуртайын» - деди да, торгой куюн­га барып айтты. Куюндун колу жолу бош экен, макул болду. Куюн кокту ылдый келип кемпирдин жүнүн учурду, кемпир баласын урду, баласы чычкандын ий­нине суу куйду, чычкан чыга калып, байдын курсагын тырмады, бай жылкычысын урду, жылкычы карышкырды кууду, карышкыр кара эчкини кууду, эчки эрменди жеп, торгойдун топусун алып берди. Ошондон кийин тор­гой топусун башынан түшүрбөй дайыма баса кийип жүрүүчү болуптур.

ТАБЫШМАКТАР

Ай асманда жүргөн жигит,

Алтын чоор тарткан жигит.

Күн асманда жүргөн жигит,

Күмүш чоор тарткан жигит.

 

Тоодон токум ыргыттым,

Колдон чыкса күркүрөйт,

Ар азуулуу жырткычтар,

Аман калбай калдык деп,

Качып үркөт дүркүрөп.

 

 

Тепмейинче албаган,

Тепкенин албай калбаган.

Канаттуунун учкулу,

Канча жүрсө талбаган.

Ойлоп атын тапкыла,

Бул укмуштуу кандай жан?

 

Кыш куйбай, ылай чылабай,

Ичи-тышын шыбабай,

Үй куруп алат кайсы уста,

Балта, керки кармабай?

 

Уккулуктуу сайраган,

Жаз айында жайлаган.

Кыш болгондо кетет да,

Жазында келет кайрадан.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Адам ойго тойбойт,

Бөрү койго тойбойт.

Человек мыслью не насытится (всё думает),

Волк овцами не насытится.

 

Аттын баары тулпар болбойт,

Куштун баары шумкар болбойт.

Не все кони – скакуны,

Не все ловчие птицы – кречеты.

 

ЖАҢЫЛМАЧТАР

Айлыбызда арал бар,

Ал аралда үч марал бар.

Бири-кара марал

Бири-ала марал,

Бири-бала марал.