Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Кыска жана созулма үндүүлөр

Кыргыз тилинде 8 кыска үндүү жана 6созулма үндүү тыбыш бар.

8  кыска үндүү
[а - алча, э - эт, о - от, ө - өтүк, у - улак, ү - үй, ы - ырчы, и - ит]

 

6 созулма үндүү
[аа - араа, ээ - бээ, оо - тоок, өө - сөөлжан, уу - куурчак, үү - күү]

 

   Кыргыз тилиндеги созулма үндүүлөр кыска үндүүлөргө караганда созулуп айтылат жана эки кайталанып жазылат.

аа, ээ, оо, өө, уу, үү

 

   Созулмалар сүйлөмдүн башында же энчилүү аттарда колдонулса мындай жазылат:

Аа, Ээ, Оо, Өө, Уу, Үү

 

   Созулмалар сөздүн маанисин да өзгөртүп жиберишет. Мисалы:

сат - саат, шар-шаар,

ток - тоок, жолук- жоолук

сук - суук,учту – учтуу

эр- ээр, жер – жээр – жээрде ат

сөк - сөөк, көп- көөп

үндү- үндүү, сүттү- сүттүү



Өзүӊдү текшер!


Кайсы үндүүлөрдүн созулмасы жок?




Сүйлөмдөрдү толукта.

Биздин дүкөндөр көп. Кичинекей, чоӊ дүкөндөр бар. Дүкөндө ар

да сатылат. Алардын өңү ак, кызыл, сары, жашыл, көк болот. Кээ бирлери ар түрдүү

өңдө болуп, абдан болуп көрүнөт.



Бүгүн апам дүкөнгө бардык. Апам беш өңдөгү сатып алды.

Үйгө келгенде аны кыздарына белек кылып берди. Эжелерим, карындаштарым абдан

кубанышты.

Колдонулуучу сөздөр: түрдүү, жоолуктар, түрдүү, кооз, экөөбүз, жоолукту, шаарда





Созулма үндүүлөр кайсы?