Сарыбай бүркүттүн томогосун сыйрыды. Бүркүт колдон суурулуп, заматта көккө атылып чыкты. Сарыбайдын жүрөгү дүкүлдөп кетти.
Ошол кеткен бойдон бүркүттүн карааны көрүнбөй калды. Мүнүшкөр дагы эмне болуп кетер экен деп чыдамсыздык менен күтүп жатат. Жел гана шыбактардын башын шыбыраштырып жатты.
Бир убакта алда кайдан бүркүттүн шаңшыганы угулду. Сарыбайдын жүрөгү жарылып кете жаздады. Аңгыча төбө жактан абаны жарып шуулдаган бүркүттүн үнү угулду. Ал чеңгелдерин арбайтып, курч тумшугун ачып көздөрүнөн заар чачып, качып бараткан түлкүнү басып жыгылды.