Кыргызча   Русский



ЖОМОК

Акылдуу бала

     Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакырып алып: Балам, мени сыйласаң ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок, деди. Баласы капаланып: Ата, эгер мени адам кылам десең,  уурулук кесипти үйрөтпө. Андан көрө адал эмгек кылайын, деди.  Ууру аябай ачууланды: Атанын жолун жолдобойт деген эмне? Атанын тилин албайт имиш! Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпаймын. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасаң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!

      Бала макул деп үйдөн чыкты да, Жоошбайдын кызыл өгүзүн күзгү эгинге сатып келди. Аны атасына айткан жок. «Балам өзүмдү тартып ууру болот экен» деп атасы абдан кубанды. Өгүздү союп алышты. Ата, бул этти жегенден мурда экөөбүз таразага түшөлү, эт бүткөндө кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели, деди бала. Атасы макул таап, экөө таразага түшүштү. Арадан бир-эки жума өткөндөн кийин эт түгөндү. Экөө таразага дагы түшүштү. Атасы мурункудан  арыктап калыптыр. Ал эми баласы болсо,  семирген экен. Бул ишке атасы аңтаң калып, баласынан  сурады.

      Таң кала турган эч нерсе жок, деди баласы. Сиз эт жеп жатканда, уурулугум ачылып калбагай эле деп, коркуп жейсиз. А мен өгүздү сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болду. Ар ким өз эмгеги менен гана семире алат. Ошондо атасы баласына:  Уурулук эң жаман иш турбайбы. Сен бул бузук жолго түшпөй, туура жолго түшкөнүң жакшы болуптур, деди.

ТАБЫШМАКТАР

Ичин тамгасыз койгон,

Китеп дейин десем,

Он эки беттүү, жол-жолдон,

Оӊой нерсени окуучум ойлон.

 

Такыр кат билбейм,

Аны койнума алам.

Кыла турган кесибим,

Кылымдар бою жазам.

 

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Ата-энеӊди сыйласаӊ, өз балаӊдан жакшылык көрөсүӊ.

Если будешь уважать своих родителей, увидишь добро от детей своих.

 

Атасы болушчаактын уулу урушчаак,

Энеси болушчаактын кызы ыйлаак.

 

У сердобольного отца сын драчлив,

У сердобольной матери дочь плаксива.

 

ЖАҢЫЛМАЧТАР

Асан менен Үсөн эгиз,

Апал менен Үпөл эгиз.

Асан улуубу?

Апал сулуубу?

Үсөн улуубу?

Үпөл сулуубу?

Асан менен ким эгиз?

Апал менен ким эгиз?

Үсөн менен ким эгиз?

Үпөл менен ким эгиз?