Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Кыргыз бийи 

                

КУЛУНУМ

Сөзү Аалы Токомбаевдики,

обону Абдылас Малдыбаевдики.

 

Кулунумдун кулагы

Кыя кескен камыштай.

Атасынан айныбайт,

Тукур эмес чалыштай.

 

Кишенеген дабышы

Жылаажындын үнүндөй.

Куйрук, жалы үлбүрөйт

Ыйык үкү жүнүндөй.

 

Кулунумду кулпунтуп,

Өстүрөмүн, таптаймын.

Өзүм минип жулкунтуп,

Элдин чегин сактаймын.

 

Кыруу-кыруу кулунум,

Энекеӊе келегой.

Аппак сүтүн аймалап,

Эркелешип эмегой.