Кыргызча   Русский



ЖОМОК

«Көнөчөк кийген түлкү»

   

    Илгери бир кемпир-чал болуп, алардын жалгыз  кара ую бар экен. Уюнун сүтүн ичип, каймагынан каттама жасап жеп күн көрүшчү. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болот. Кемпир аны мышыгынан көрүп, эми каймакты оозу тар көнөчөккө куят.

    Күндөрдүн биринде баягы түлкү кемпир-чалдын үйүнө дагы келет. Каймак табакта эмес, көнөчөктө экен. Түкөң жанталашып жатып көнөчөккө башын салып, каймакты жеп алат. Анан башын чыгармакчы болду эле, бирок болбоду. Башын куткарар эмес. Түлкүнүн айласы кетти да:

    - Көнөчөк аке, эми тамашаңызды коюңуз. Ушунчалык убара кылганыңыз деле жетишет. Үйдө бачиктерим калган, коё бериңиз, - деп жалынды.

Анда көнөчөк:

    - Кайран түлкүм, келип жатат күлкүм. Сени конокко чакырдым беле, эми коё бер дебе. «Каймак жейм» деп үйгө киресиң, анын таттуу экенин билесиң. Мен бир аз тамаша кылсам, «үйгө барайын, бачиктерим бар» деп чебелектейсиң. Жок, сен үйүңө барбайсың, экинчи көнөчөккө башыңды салбайсың!

    Түлкүнүн күйбөгөн жери күл болду.

    - Эмесе сенин жазаңды берейин, өзүңдү сууга агызып жиберейин, - деп түлкү өзөндү көздөй жөнөдү.

   Түлкү келип башын сууга салды. Көнөчөккө суу толуп, түлкү тумчугуп кулап түштү. Куу түлкү дал ушинтип өлгөн экен.

ТАБЫШМАКТАР

Сүттүн сүзүп коюусун,

Казанга салып кайнатам.

Эӊсеп келген адамга,

Бир-экиден чайнатам.

 

Тамакка салса жоголду,

Анын даамы оӊолду.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Ач тоюнат, сук тоюнбайт.

Голодный насытится, завистливый не насытится.

 

Ашы бар аяктан аттабa.

Не перепрыгивай через чашку с пищей.

 

ЖАҢЫЛМАЧТАР

Кумда куралай таш аппак,

Курут май кошкон аш аппак.

Сайда саралай таш аппак,

Сары май куйган аш аппак.