Кыргызча   Русский



ЖОМОК

Ким күчтүү?

    Кыштын күнү кызыл кыргоол жээктеги бадалдан койкоюп чыгып, чаңкаганын кандырыш үчүн ойдогу сууга келди. Каптаган көк музду кыдырып жүрүп, күбүрдү араң таап, муздак суудан иче баштады. Ошондо булайган куйругу музга чап жабышып, чыкпай калган экен.

    - Ой-эй, көк муз! Бул дүйнөдө сенден күчтүү эч ким жокпу дейм. Заматтын ортосунда куйругумду куп кармапсың, - деди кыргоол музга.

    - Жок, кыргоол, - деди көк муз. - Менден жамгыр күчтүү. Ал жаап келгенде тымтыракайым чыгып эрип кетем.

    Ал сөздү угуп калган жамгыр шатыратып келип:

    - Мен кайдан күчтүү болоюн. Менден жер күчтүү, канчалык шатырата жаасам да, бир заматта соруп алат, - деди жамгыр.

   Анда жер да ары-бери солк этип, күңгүрөнүп тилге келип:

    - Менден токой күчтүү. Ал үстүмдү каптап, жалбырактуу бутактары жайылып, болгон күчүмдү бүт тартып кетет, - деди.

    - Жо-ок, кайдагы күчтү айтып жатасың. Менде да күч жок! - деди токой шуулдап. - Күчтүү деп өрттү айт. Ал каптаса соройгон сөңгөгүм гана калат.

    Муну уккан орт жалбырттап келип:

    - Менден шамал күчтүү. Андан аябай корком. Шамал катуу соккондо чаңым асманга чыгып, кайда качарымды билбей калам! - дейт.

    - Ырас эле менде күч көп, - деди тигилердин сөзүн угуп жаткан шамал. - Жыгачты түбү менен жулам, үйдү кулатам, отту чачам. Бирок ошондой болсо да жерге жаңы чыккан көк чөпкө түк алым жетпейт. Канчалык каарданып соксом да, ал былк этип койбойт. Ошондуктан мен ойлойм, көк чөп күчтүү го...

    Анда көк чөп чыйылдап сөзгө келиптир:

    - Менде эч кандай деле күч жок. Калың кой каптаганда чымчылап, мүлжүп жеп, туягы менен тепсеп, таза айламды кетирет. Жо-ок, баарынан кой күчтүү, - деди чөп.

    Анда маңкайган кой байкуш минтип маараган экен:

    - Ма-аа, ма-аа, менде балээнин күчүбү? Көк бөрү жолукса куйругумду бир апчып сугунуп, ал аз келгенсип алкымдан алып, канымды соруп кетет. Дүйнөдө карышкырдан өтөр балбан жок, - деди.

    - Силер таптакыр эч нерсе билбейт турбайсыңарбы, макоолор! - деп улуду көк бөрү жонго чыгып. - Баарыбыздан адам күчтүү! Ал кыргоолду кылтактап алат, музуңду жарып салат, жаан канча жааса да тоотуп койбойт. Жериңди бир жылда эки курдай тытып айдап, жыл боюнча жанын тындырбайт. Токоюңду каалаганынча кыркып алат, өрттү дароо өчүрөт. Шамалды өз пайдасы үчүн жумшайт, чөптү чаап алат, койду союп жейт. Мендей карышкыр эмес, илбирс, жолборсуңду да жок кылат. Ошондуктан бул дүйнөдө баарынан киши күчтүү, - деген экен.

 

ТАБЫШМАКТАР

Эки атасы бар,
Он сегиз энеси бар,
Бир жүз алтымыш эки баласы бар.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Эл ичи – өнөр кенчи.

 

ЖАҢЫЛМАЧТАР

Чоӊ казанда кырмычык,
Кырып жедим тырмышып.
Өйдө чыктым тырмышып,
Ылдый түштүм жылмышып.