Кыргызча   Русский



ЖОМОК

«ТҮЛКҮ МЕНЕН КЕНЕ»

    Түлкү менен кене шерик болуп, буудай айдашты. Митаам түлкү «башым ооруйт, ичим ооруйт, кымыз ичип келбесем» деп күндө эле жайлоого кетип калат. Кене жалгыз өзү буудайды сугарып, оруп-жыйып, бастырды. Бир күнү түлкү үйүлгөн кызылды көрүп, ичинен кымыңдап, кенени алдап эгинди бүт өзүм алайын деп ойлоду да: — Кене, муну бөлүп убара болбойлу, андан көрө жарышалык. Кимибиз чыксак, ошонубуз буудайды бүт алалы, калганыбыз калалы, — деди. Кене ойлонуп туруп, макул деди. Жарышчу жерге барып экөө катар турду. Түлкү куйругун көтөрүп, кулагын жапырып, чуркаган бойдон жөнөдү. Кене чап түлкүнүн куйругуна жармашты. Түлкү кырмандын четине жетип келди: «Кене кайда келе жатат?» — деп токтой калып силкингенде, кене жерге ыргып түштү да, үйүлгөн кызылдын үстүнө чыгып алып: — Ой, сен эмне карап турасың? — деп кыйкырды. Түлкү чочуп кетип: —А сен качан келдиң?! —Менин келгеним качан, сени күтө берип зеригип кеттим, — деди кене. Түлкү эми айласы жок, же тапкан пайдасы жок жолго түштү. Кене өз эмгегине өзү ээ болуп, буудайын кампага ташып төктү да, жыргап-куунап жатып калды.

ТАБЫШМАКТАР

Бири чөптү кыят,

Экинчиси жыят,

Үчүнчүсү үйөт,

Ушу үчөөнүн атын ким билет?

 

Бою бир карыш,

Сакалы миӊ карыш.

 

Бир үй бар,

Эшиги да жок,

Тешиги да жок,

Бирок ичи толо адам.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа.

Не посмотрев – не ступай,

Не узнав – не спеши.

 

Көз – коркок, кол – баатыр.

Глаза боятся, а руки делают.

 

ЖАҢЫЛМАЧТАР

Бири алабаш,

Бири малабаш,

Ар түрдүү козулар аралаш.

Аларды айырмалай албас жарабас.