Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Айыл кечи

Туулган жер 

КЫЗЫЛ ГҮЛ

Сөзү, обону Валентина Ниязалиевнаныкы.

 

Тоого чыгып барамын,

Кооз гүлдөрдү карадым.

Арасынан мен тандап,

Кызыл гүлдү аламын.

 

Кайырма:

Кызыл гүл, кызыл гүл,

Тандап сени аламын.

Соолубасын гүлдөрүӊ,

Топтоп сууга саламын.

 

Гүлдөр толук көрүнөт

Тээ алыстан кыядан.

Көп кызыл гүл өскөнгө

Чын дилимден кубанам.

 

Кайырма:

Кызыл гүл, кызыл гүл,

Тандап сени аламын.

Соолубасын гүлдөрүӊ,

Топтоп сууга саламын.

 

Кызыл гүлүм жылыга

Кайра баштан гүлдөдү.

Окшоп кетет өзүӊө

Апакемдин мүнөзү.

 

Кайырма:

Кызыл гүл, кызыл гүл,

Тандап сени аламын.

Соолубасын гүлдөрүӊ,

Топтоп сууга саламын.