Кыргызча   Русский



ЖОМОК

«Таан падыша»

   

Илгери, илгери бир кемпирдин жалгыз баласы  оокат-турмушу начар болгондуктан, ар кандай куштарга кылтак салып, ошо менен күн көрүшчү экен. Бир күнү кылтагына таан түшүп калат. 

Бала кылтакка барып таанды чыгарып алайын десе, ал кадимки кишиче сүйлөйт:

    - Капыстан сенин кылтагыңа түштүм. Эмне десең, ошону берейин, мени куткарып жибер. Менин атам падыша. Төрт түлүк канча керек болсо ошончо берет. Азыр коё берсең, мен учуп отуруп жети белес ашам. Сен ошол белестерди байкап алып, менин артымдан бара бер. Төрт белести ашкандан кийин менин атамдын жылкыларына кез болосуң. Ал жерге түнөп алып, андан ары сурай-сурай бара бергин. Атамдын жайыл супарасы бар. Анын мааниси: «Жайыл, супара, жайыл» десең ал ар түркүн даамга толуп чыгат. Ошону атамдан сурап алсаң, энең экөөң тың оокат кылып кетесиңер, - дейт таан балага жалдырап карап.

    Бала таанды коё берип, энесине айтпастан, таан учуп кеткен жакты көздөй бара берет. Жүрүп отуруп төртүнчү белеске келет. Ал белести ашып жылкычыларга жетет. Ал жерге түнөп алып, эртеси жер жайнаган төрт түлүк малды көрүп, улам сурап отуруп Таан падышанын үйүнө кирип барат. Бала салам айтып, Таан падышанын очогунун жанына отура кетет. Үйгө кирген баланы көрүп Таан падыша:

- Кайдан келе жаткан баласың? Атаң ким, өз атың ким? - деп сурайт.

Анын сөзүнө жооп бергенче, кылтакка түшкөн таан келип, баланы тааный коюп:

- Ата, мени өлүмдөн куткарып калган бала ушул болчу. Эмне сураса, ошону бергин! - деп атасына карайт.

Баланы Таан падыша конок кылып, абдан сыйлайт. Бир кезде: «Эмне сурайсың?» деп балага кайрылат. Бала баягы сыйкырдуу жайыл супарасын сурайт. Таан падыша кыйылып туруп сураганын бербей коюшка аракет кылат:

- Төрт түлүктөн канча сурасаң, ошончону берейин. Каалаган дүнүйө сура, каалашыңча алтын берейин, - деп ба­лага карайт. Бала макул болбой тура берет.

- Мени өлүмдөн алып калган досума сураганын бербейсиң! - деп таарынган падышанын баласы күйүп турган отко түшө калат. Ошондо шашып кеткен Таан пады­ша баланын сураганын берип, баласын оттон чыгарып алат. Ыйык нерсесин алдырып жиберген Таан падыша калп эле күлүмүш болуп баланы узатат.

Бала коштошуп, жайыл супарасын көтөрүп алып эне­сине келет да, анын алдына супараны жайып: «Жайыл, супара, жайыл! Дүйүм тамакка тол!» десе дароо тамактар даяр болот. Бала менен энеси таандын аркасы менен жыргап-куунап жашап калышкан экен.

ТАБЫШМАКТАР

Эки көлдү бир тоо бөлөт.

 

Аркы өйүздө көп жылкы,

Берки өйүздө көп жылкы,

Тебишет да кагышат.

 

Кыяда жатат кырк аркар,

Уяда жатат бир шумкар.

 

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Дени соонун жаны соо.

В здоровом теле здоровый дух.

 

Катуудан – тиш, жумшактан – ич оору жаман.

Тяжело когда болят из твердого –зубы, из мягкого – живот.

 

ЖАҢЫЛМАЧТАР

 

Ак топту көк топ кууду,

Көк топту ак топ  кууду.

Көк топко ак топ тийсе,

Ак топ токтоп турду.