Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Орунду билдирүүчү сөздөр: алдында, артында, жанында

Алдында, артында, жанында деген сөздөр кыргыз тилинде заттын турган ордун билдирет жана кайда? каякта?деген суроого жооп берет.

Мисалы:

Спорт аянтчасы кайда жайгашкан?

Спорт аянтчасы мектептин алдында жайгашкан.

Үйдүн артында эмне бар?

Үйдүн артында жылгаяк бар.

Бактын жанында эмне турат?

Бактын жанында кызыл топ турат.

Өзүӊдү текшер!

Баланын жанында чана, алдында ит, артында бир мээлейи түшүп калган.

Мээлей кайда жатат?

Ит каякта турат?

Чана каякта турат?