Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Кайберендин ээси

          Мергенчи тоодо аң уулап жүрөт. Тоо арасындагы аркар, кийик, бугулар карагай аралап качышат. Мерген токтобой, эс албай алардын артынан түшөт. Аскадагы жарты алачыктан тери шым, кемсел, малакай кийген байбиче чыгат. Ага алсыраган, аянычтуу, жаралуу бугуну көрсөтөт. Алачыкка кирип, чөйчөккө айран куюп келет. Мерген айранды ичет, бирок чөйчөктөгү айран түгөнбөйт. Ал кайберендин ээсине жолукканын түшүнөт. Байбичеге таазим кылып мылтыгын, тайгандарын алып кетет. Ошондон кийин ал мергенчилик кесибин таштаган экен.

 

Токойдун жандуу коргоочулары

     Биздин токойлордо кумурскалардын уюктары жалдан жылга азайып бара жатат. Токойлорду кыркуу менен адамдар майда жандыктарды да жок кылышууда. Кээ бир жолоочулар кумурсканын уюгунун жанынан жөн өтүшпөйт. Таяк менен чукулдап же буттары менен тепсеп кетишет. Токойдун кичинекей жашоочулары үчүн бул абдан чоң кыйынчылыктарды алып келет.

     Бир жолу эмен, кара жыгач өскөн аянтка зыянкечтердин тобу кол салышты. Алардын көптүгүнөн дарактардын кабыктары кыймылдап жаткандай көрүндү. Курттар дарактарды сыртын сыйрып жиберишти. Ушул учурда укмуштуу окуя болду. Курттар дарактын сөңгөктөрүнөн тездик менен түшө башташты. Аларды кумурскалар сүйрөп түшүрүштү. Токой сакчылары дарактарды сактап калышты.

    Жай ичинде кумурскалар миңдеген зыянкечтерди жок кылып турушат.

 



Туура которгула!
«Кайберендин ээси»







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

СӨӨЛЖАН

     Жамгырдан кийин эмне үчүн сөөлжандар жер бетине жайнап калат? Анткени, жаан жер катмарына терең сиңип, сөөлжандар дем ала албай калышат. Кээ бир сөөлжандар суудан жаа бою качышса, кай бирлери тескерисинче, нымдуу, көлчүктүү жерлерди, арыктын бойлорун жакшы көрүшөт.

   Алардын турмушу жер менен тыгыз байланышкан. Ошондуктан көп элдер «жер сөөлжаны» деп аташат. Алар жарыктан качып, тиричиликти жер алдында өткөрүшөт.

* * *

     Кечке маал калың бакка барып байкасаңар, жерге түшкөн жалбырактарды сөөлжандар чээнине ташып жатканын байкайсыңар. Ал – сөөлжандын азыгы. Жердин нымдуулугу сөөлжандын жашоосуна жакшы шарт түзөт. Ал кышкы сууктан коркпойт. Терең кирип кетип, уктай берет. Жайкы ысыкка да чыдамкай келет. Ысыкта эки-үч, кээде сегиз метрге чейин тереңдеп кирип кетет. Алар топуракты үйүп, майдалап кете беришет. Сөөлжандар майдалаган топурактын өсүмдүктөр үчүн пайдасы чоң.