Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА 3 СҮЙЛӨМ ТҮЗҮП ЖАЗГЫЛА.

ТУУРА ЖАЗГАНГА МАШЫГАБЫЗ!

ЖАРЫК ЖОЛ

Атам жалданып иштеп, ар кайсы байдын жумушун жасап жүрчү.

Көбүнчө усталыгы менен жан баккан адам эле.

Комуз, кыяк жасап, өзү да чертчү.

Куржундун бир көзүндө керки-чоту, шаймандары, бир көзүндө мен жүрөм.

Иштеген жеринде мага чапанын жая салып отургузуп коёт.

Мен ит, мышык дагы башкаларды чоподон жасап отура беремин.

Бош убакта атам мага жомокторду айтып берет.

Ал күндөрдү өмүр бою унута албайм.
                                                                                 

Өзүңдү текшер!

ЖАРЫК ЖОЛ

    Атам жалданып иштеп, ар кайсы байдын жумушун жасап жүрчү. Көбүнчө усталыгы менен жан баккан адам эле. Комуз, кыяк жасап, өзү да чертчү. Куржундун бир көзүндө керки-чоту, шаймандары, бир көзүндө мен жүрөм. Иштеген жеринде мага чапанын жая салып отургузуп коёт. Мен ит, мышык дагы башкаларды чоподон жасап отура беремин. Бош убакта атам мага жомокторду айтып берет. Ал күндөрдү өмүр бою унута албайм.